“Мекенди сүйүү ыймандан” деген бул колдонмонун максаты калктын ар кандай топторунун арасында, алардын диний көз карашына карабастан, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын ноябрындагы №39 Жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз жаранынын иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясынын негизги билдирүүлөрүн жайылтуу, Кыргыз Республикасынын баалуулуктарын түшүндүрүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүү процессине бардык жарандарды тартуу болуп эсептелет.
Бул Колдонмонун маанилүү максаттарынын бири дин таануучулардын, дин аалымдарынын, диний окуу жайлардын окутуучуларынын, диний лидерлердин Кыргыз жараны концепциясы идеясын диний жамааттарда жайылтуу боюнча потенциалын жана мотивациясын жогорулатуу болуп саналат. Колдонмо жарандык баалуулуктарды өнүктүрүү жана Кыргызстандагы динийдердин жашоосунун жарандык жана диний аспектилеринин ортосундагы гармонияга жетишүү боюнча практикалык сунуштарды камтыйт.
Шилтеме бул жерде https://drive.google.com/drive/folders/1Be34nxf9I4myT3xtaiIDqsIRohmRjXu_?usp=drive_link