Кудай бир сактады...

Кудай бир сактады...

Опубликовано: 24.05.18

Жайлообекова Жылдыз

 

Атым Бактыгүл, бирок намаз окуп баштагандан бери атымды Зайнаб деп өзгөрткөм. Мен намаз окуганды үйрөнүп баштаганыма бир топ жыл болуп калды. Биринчи намаз окууну тай энемден үйрөнгөм. Келечекте дин менен жашоо үчүн намаз окуган эркекке турмушка чыгууну каалачумун. Кудайым буйруп намаз окуган жигитке турмушка чыктым. Экөөбүз тең атайын окуу жайда окуп,  дин илимин албагандыктан,  кээ бир темалар бизге суроо бойдон кала берчү. Биздин айылыбыз чакан жана тынч. Жашоочулардын көпчүлүгүнүн дин тууралуу билими эмес, кабары да жок. Биз да эл сыңары күн кечирип Жараткан берген өмүр, жашообузду чамабызга жараша улантып жашап келебиз.

Көзгө илешпей айлар жылга тогошуп кыздуу болдук. Өлкөнүн көпчүлүк айылынын жашоочулары чындыгында эле мал, короо, жер үлүштөрү менен күн кечиришет. Бул да сезон учурунда. Калган күндөрү айылда жумуш жок. Андыктан, эртеден кечке үй оокаты, мал менен гана алектенебиз. Бир күнү жолдошум малдарды жайып айдап кетти. Мен жолдошумдун үйдө унутуп кеткен уюлдук телефонун алып, келди-кетти маалыматтарды эмес, намаз тууралуу  маалымат издедим. Бул боюнча көптөгөн маалыматтарды таптым. Аларды көңүл кое окуп чыгып, буга чейинки кээ бир каталарымды оңдоп, тактап алганыма сүйүндүм. Башка дагы кандай кызыктуу маалыматтар бар экен деген ойдо  ар кандай тармактарга кирип карасам, кызыктуу маалыматтар ого эле көп экен. Убакыттын кандай  өткөнүн дагы байкабай калдым. Ошентип, күйөөмдүн телефонун күнүгө алып калып, күндөн-күнгө ар кандай маалыматтарга кызыгып, күнүгө ошол маалыматтарды окуп, өзүмдү кызыктырган маселелерге түз суроо узата баштадым.  Мен ал адамдын эркек же аял экендигин билбей эле, анын менин кызыктырган суроолорума так жооп берип жатканына сүйүнүп баарлашууну уланта бердим, мусулман катары бекем ишенгендиктенби, айтор оюмду эч жашырбай  баардыгын айтып койгондугумду өзүм да билбей калдым. Таң калычтуусу, негедир ал жеке жашоомо да кызыгып сурай баштады. Мен дин тууралуу маалыматты жакшылап электен өткөрүү керектиги оюма да келген эмес. Күн өткөн сайын баарлашуубуз уланып, кээ бир суроолорума жооп алгандыгымды кубана жолдошума айтсам, ал дароо эле мен сүйлөшкөн тармакка кирип текшерип көрүп, мени катуу жемеге алды. Себеби,  жолдошум мага, мени менен сүйлөшкөн адам туура эмес маалыматтарды жөнөтүп, “бейиштин багынан бакыт табабыз” деп азгырып жаткандыгын, ал адам диний экстремизмге аябай сугарылганын баамдап, диний билими бар аалымдардан сураштырса, алар мага берген маалыматтар терс иштерге үндөгөн материалдар экендигин жана бул дарек менен байланышты такыр үзүү керектигин айтышыптыр. Кыскасы, түшүнбөстүктөн ак жолумдан адашып кала жаздадым.

Кийинчерээк айыл өкмөтү айылга мечит салдырып, ага шаардан илимдүү дин кызматкерин чакыртып аны имамдыкка шайлады. Бүгүнкү күндө биз дин иштерине байланышкан баардык маселелер боюнча суроолорубузду бир гана ушул молдодон сурай турган болдук.



Комментарии