Суроо - жооп

Суроо - жооп

Опубликовано: 01.06.18

2017-жылы “Инкар” тобунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Алар Кыргызстандын кайсы аймагында көбүнчө кездешишкен? Негизи эле ушул топ тууралуу маалымат берсеңиздер. Рахмат.

Айбек, Ноокат

Ооба, азыркы учурда “Таблиги Жамаат” диний уюмунан бөлүнүп чыккан “Инкар” тобу пайда болуп, алардын өлкөбүздөгү диний эрежелерге баш ийүүдөн, күнүмдүк жашоодогу жана үй-бүлөлүк милдеттерден, светтик нормалардан радикалдуулук менен баш тартышуусу байкалууда. Бул топтордун мүчөлөрү Ислам дининин баалуулуктарын радикалдуу формада талкуулап жаткандыгы коомчулукту тынчсыздандырууда. Алар көбүнчө Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жана республикабыздын башка аймактарында да кээ бир учурларда байкалууда.

КРнын ИИМдин Онунчу Башкы Башкармалыгы

 

 

 



Комментарии