“Ар кандай чукул кырдаалдар пайда болсо, бизге ыкчам маалымат берип турушат”

“Ар кандай чукул кырдаалдар пайда болсо, бизге ыкчам маалымат берип турушат”

Опубликовано: 01.06.18

Турсуналиев Бекжан,КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштеринин этностор аралык мамилелер боюнча Мамалекеттик агенттигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси:

“Ар кандай чукул кырдаалдар пайда болсо, бизге ыкчам маалымат берип турушат”

2014-2020 жж. Кабыл алынган дин жаатында Концепциянын негизинде Сиздер тараптан кандай иш-чараларды ишке ашырдыңыздар?

Кыргызстандын 20 полиэтникалык, б.а. көп этностуу ар улуттун өкүлдөрү көбүрөөк жашаган аймактарда, жер-жерлерде, региондордо, район-шаарларда коомдук кабылдамаларыбыз ачылган. Ал жерлерде жооптуу катычларыбыз бир жылдык келишимдин негизинде иш алып барышат. Алар биринчи кезекте, этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана жалпы жарандык биримдикти калыптандыруу жаатында, ошондой эле, мекемелерде, орто мектептерде, коомдук жерлерде радикализмди алдын-алуу боюнча профилактыкалык иштерди жүргүзүшөт. Иш-чара аптасына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Мындан тышкары мониторинг да жүргузүп турушат. Ошондой эле ар кандай чукул кырдаалдар пайда болсо, бизге ыкчам маалымат берип турушат.  Бул иш-чаралардын максаты – радикализмди алдын-алуу.  Биз негизинен Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы коомдук кабылдамаларыбызда ушул олуттуу маселелердин алкагында иш алып барабыз.

Мамлекет тарабынан конфессиялар арасында ынтымакты бекемдөө үчүн кандай иш-чараларды ишке ашыруубуз керек?

Мутакалим коому  - өтө маанилүү маселени көтөрүүдө. Энелердин, айымдардын бул маселеде ролу чоң. Балага тарбия бере турган негизги адам – эне. Бирок, бул маселеде бир гана энелер менен чектелүү аздык кылат. Бул олуттуу маселе. Андыктан, бул маселеде мамлекет тарабынан конкреттүү иш-чараларды жүргүзүү керек.  Ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу да байма-бай маалыматтардын берилиши,калктын калың катмарына жетмек деген ойдомун.

  



Комментарии