Интернеттеги радикализм

Интернеттеги радикализм

Опубликовано: 01.06.18

      Акыркы мезгилде экстремисттик жана террористтик  уюмдар өздөрүнүн идеялогиясын Интернет аркылуу жайылтып жатышууда. Кыргызстандын жаштары активдүу колдонгон  “Фейсбук”, “Одноклассники”, “Твиттер”, “Инстаграм” социалдык тармактарында, көптөгөн экстремисттик жана террористик уюмдардын мүчөлөрүнүн баракчалары бар, аларды биз ошол баракчаларга жүктөлгөн экстремисттик жана террористтик уюмдардын атрибутикасы же болбосо Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырык поспортунан биле алабыз.

            Учурда экстремизм жана терроризм идеясынын Интернет мейкиндиги аркылуу жайылуусун алдын алуу жана бул коркунучтарга жогорку технологиянын жардамында каршылык көрсөтүү максатында, ИИМде “Онлайн кайгуул” (Интернет патрулирование) аталышындагы долбоор иштелип чыгып, азыркы мезгилде жигердүү ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө бул долбоордун алкагында өлкөбүздүн миңдеген жаштары, анын ичинде студенттер жана орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары тартылууда.

            Жаштар арасында радикалдык маалыматтардын жайылышынын алдын алуу боюнча Кыргызстанда мусулмандар башкармалыгы, ИИМдин 10-бөлүмү, жергиликтүү казыят жана милиция жаштар арасында түшундурүү иштерин7 байма-бай жүргүзушүп келет. Ал иш-чараларда жаштарга экстремисттик топторго берилбөө насааты оозеки айтылып, бирок конкреттүү түрдө атайын жаштар үчүн иштелип чыккан колдонмо сунуш материалдары жокко эсе болууда. Алалы бүгүнкү күнү жаштар реалдуу жашоодо муфтияттын мөөрү басылган диний китептерди гана окушу керек экендигин бир аз баамдап калышса да, Интернеттеги материалдарды кантип ылгашты билишпейт.

            Бул чындыгында эле татаал маселе. Экстремисттик топтор негизинен мындай мамлекеттик же болбосо кыргыздын иденттүүлүгүнө төп келе турган нерселерди жарыялабайт. Эгерде жаштар кандайдыр бир видеолорду көрүп жатса же материал окушкандабы, биздин мамлекеттүүлүккө, улуттук иденттүүлүккө төп келген гана исламий көз карашта гана айтылса ошолорду гана короосу керек.



Комментарии