Ислам дини башка диндегилер менен кандай мамиледе болууну буюрат

Ислам дини башка диндегилер менен кандай мамиледе болууну буюрат

Опубликовано: 01.06.18

Албетте, учурда совет мезгилине салыштырмалуу ислам дини Кыргызстанда жакшы жайылууда.Өлкөнүн бир топ тармактарын  исламдын  изин байкоого болот. Мисалы  саясатта экономикада, социалдык  чөйрөдө.  Айрыкча, ислам дини үй-бүлөлүк  денгээлде жогорулоодо десек аша чапкандык болбос. Ислам коомчулукта адеп-ахлактын, жүрүм-турумдун жакшырышына оң таасирин тийгизүүдө. Мына ушундай болоорун Алла Таала билип  мусулмандарына Исламды жиберген. Жагдайлар жок эмес, бирок бир нерсени айтып коюшубуз шарт. “Исламды колдонуу”  деген олуттуу маселе бар. Мисалы, адам өзүн тарбиялоо, туура жолго түшүү, коомго пайдалуу болуусу үчүн же аны өзгөртүү үчүн динди колдонуусу жакшы нерсе. Анткени, Ислам да мына ошол максатта жиберилген. Тилекке каршы кийинки кезде, исламды жеке максаттарына,тар кызыкчылыктарына колдонуу негедир көбөйүп барат. Эгер мусулман эмес же башка диндегилер салам берсе эмне кылабыз? Кандай болгондо да биз аларга биринчи салам айтпашыбыз керек;

Эгер алар бизге «ас-салламу алейкум» деп салам берсе, биз да «аларга » уа алейка ас-салаам» деп салам берсек эч нерсе эмес. Бул ислам аалымы ибн Усеймиянын сөзү «Рияду ас-саалихин» китеби 5 бет. “Чындыгында, Аллах Таала-адилеттүүлүктү, жакшылык кылууну жана тууган –урукка кайрымдуулук кылууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан, элдерге зулум кылуудан тыят. Түшүнүүңөр үчүн Аллах Таала силерге насыят берет”. (Нахл 90) Ислам дини башка диндегилер менен дагы жакшы мамиледе болууга буюрат. Мусулман пендеге христиандарга, алар христиан болгондугу үчүн кол көтөрүүгө тыюу салынат. Ар кандай талаш-тартыштар пайда болгон болсо, алардын баардыгы даанышмандык менен, мусулмандык сыпаттан чыкпастан, жумшактык жол менен бүтүрүү керек.

Анара Жаныкулова

 

 

 



Комментарии