Эмне үчүн биздин мамлекетте 80 пайыздан ашык калк мусулман болгондуктан, мусулман мамлекети дей албайбыз, шарият менен өкүм чыгара албайбыз, мектептерде ыйман сабагын бере албайбыз?

Эмне үчүн биздин мамлекетте 80 пайыздан ашык калк мусулман болгондуктан, мусулман мамлекети дей албайбыз, шарият менен өкүм чыгара албайбыз, мектептерде ыйман сабагын бере албайбыз?

Опубликовано: 01.06.18

Суроо:

Эмне үчүн биздин мамлекетте 80 пайыздан ашык калк мусулман болгондуктан, мусулман мамлекети дей албайбыз, шарият менен өкүм чыгара албайбыз, мектептерде ыйман сабагын бере албайбыз?

Темирлан, Бишкек шаары.

Жооп:

Светтик мамлекет дегени башкарууга эч бир дин жана диний уюмдар аралаша албайт, катыша албайт дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, муну туура түшүнүү менен, ошондой эле ушул сыяктуу турмуш-тиричилик маселелери чыкканда аалымдар, КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан берилген фатвалар менен иш кылсак туура болот. Бул болсо светтик принципке каршы келбейт. Анткени, ошол эле Конституцияда ар бир жаран дин тутуу эркиндигине ээ экени жазылган.

Биздин мамлекеттин 80 пайыздан ашыгы мусулман болгондуктан, мусулман өлкөсү, мусулман мамлекети деп аталабыз. Бирок Ислам мамлекети деп аталбайбыз. Анткени, Конституцияда светтик мамлекет деп белгиленген.

Ыйман сабагы да светтик түшүнүккө каршы эмес. Бул маселе сиз менен биздин аракетибизге жараша болот. Президентибиз С. Жээнбеков КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы менен жолуккан учурда элдин диний кат-сабатын жоюу керектигин айткан.

Улан Усупов, Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу



Комментарии