Түрмөдөгү аялдарды радикализм торунан сактайлы!

Түрмөдөгү аялдарды радикализм торунан сактайлы!

Опубликовано: 01.06.18

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 299- жана 299-2-беренелеринде көрсөтүлгөн диний кастыкты козутуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу боюнча 2014-жылы 157, 2015-жылы 140, 2016-жылы 180, 2017-жылы 229 кылмыш иши козголгон.

Мутакалим коому 2003-жылдан бери Степное айылындагы аялдар абагында ыйман, Куран жана адеп боюнча сабак өтүп келет. Көз тийбесин, бүгүнкү күнгө чейин бул багытта жүргүзүлгөн иш- чараларыбыздын кайтарымы жаман эмес, өкүнгөн жагдайлар боло элек.  Тагыраак айтканда, Курандын бир канча бөлүгүн жаттап, өздөрүнүн тагдыр жазмышын туура баамдап, мындан аркы жашоолорунда тескери жолдорго түшпөгөндөй, адал, адеп-ыйман маселелерин ыйык тута баштагандардын саны арбып барат.

Мындай ийгиликтердин жаралышы 2014-жылы Кыргызстанда диний жаатта кабыл алынган Мамлекеттик Концепциянын негизинде Кыргызстандын жер-жерлеринде радикализмди алдын-алуу иш-чаралары байма-бай өткөрүүнүн , ошондой эле жогоруда айтылган аялдарга өтүлүүчү программалардын өзөгүн радикализациянын кеңири жайылуусуна бөгөт коюучу сабактардын конкреттүү мисалдар менен өткөрүлгөндүгүнүн найтыжасы десек аша чапкандык болбос.

Албетте, бул иш-чаралар толугу менен  Кыргыз Респбуликасынын Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан дыкат текшерүүдөн өтүп, алардын макулдугу менен ишке ашырылууда.

Бизди өтө тынчсыздандырган олуттуу маселе – бир абакта терроризм беренеси боюнча  соттолгон жарандар менен бирге эле башка беренелер менен мөөнөттөрүн өтөп отургандардын маселеси. Бул өтө курч, көйгөйлүү маселе. Себеби, кээ бир абак жайларындагыларды атайын алардын жакшы түшүнбөгөндүктөрүнөн бурмаланган диний радикалдык идеологияга азгырышып, абакта жаткан адамдар менен өз катарларын көбөйтүшүп, диний радикалдык уюмдардын социалдык базасын кеңейтип жаткандыктары коркунуч жаратууда.

Албетте, дин өкүлдөрү, КР ИИМдин Онунчу бакшкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан абактагы радикализмди алдын- алуу боюнча иштерди байма-бай жүргүзүп жатат. Бирок, мындай олуттуу маселе менен күрөшүү бир гана аталган мекемелердин иши десек туура болбой калат. бул өтө коркунучтуу маселе. Андыктан бул маселе менен күч органдары, аткаруу бийлиги, тийиштүү институттар, жалпы коомчулук биргелешип конкреттүү аракеттерди көрүүлөрү керек.  



Комментарии