Диларам “Мутакалим” коомунун Ош облусунун Араван районундагы өкүлү: “Биздин аймакта улуттар аралык келишпестиктер жокко эсе”

Диларам “Мутакалим” коомунун Ош облусунун Араван районундагы өкүлү: “Биздин аймакта улуттар аралык келишпестиктер жокко эсе”

Опубликовано: 01.06.18

Диларам “Мутакалим” коомунун Ош облусунун Араван районундагы өкүлү:

“Биздин аймакта улуттар аралык келишпестиктер жокко эсе”

Ош облусунун Араван районунда диндер, улуттар аралык тынчтыкты бекемдөө жагдайында кандай иш-чараларды өткөрүп жатасыздар?

Араванда “Мутакалим” коомунун өз окуу жайы бар, окуу жайда биз жаш өзгөчөлүгүнө карабастан акысыз билим беребиз. Мындан тышкары, оор турмушта жашаган жердештерибизге жамаат ичинде каражат чогултуп, материалдык жактан жардам көрсөтөбүз. Биз фонд уюштурганбыз. Жыл сайын орозо маалында гана ал фонддон өтө муктаж үй-бүлөлөргө улутуна, динине карабастан жардам көрсөтөбүз. Биздин демилгечилер үймө-үй кыдырып, муктаж үй-бүлөлөр боюнча так маалыматтарды чогулткандан кийин гана аларга азык-түлүк баштыкчасын ыйгарабыз. Мындан тышкары жогорку класстын окуучулары, ата-энелер арасында да түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүп турабыз.  Биздин бардык иш-чараларыбыз дайыма участкалык милициянын, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

Келечекте мектептер менен иштешүү боюнча иш-пландарын кеңейтүүнү жолго койсокдеген тилегибиз бар. Анткени кийинки кезде биз өткөргөн семинарларга башка мектептен келишкен активисттердин, жетекчилердин катышуусу көбөйүп барат. Алар да өздөрүнүн мектептеринде ушундай семинарларды өткөзүүнү суранып жатышат.  

Алдыдагы максаттар жана пландарыңар тууралуу ой бөлүшө кетсеңер?

Келечекте – окуу жайыбызда өткөрүлгөн иш-чараларды мындан да кеңейтип, окутуу программабызга - тил, компьютер, ашпозчулук жана тигүү курстарын киргизсек деген ой-максаттарыбыз бар. 

Сиздердин аймакта улуттар аралык мамиледе кандай көйгөйлөр бар деп ойлойсуз?

Бизде өтө деле орчундуу көйгөй жок. Анткени, ар бир тургун ынтымакта жана бири-бирин түшүнүү менен жашоо кечирип келишет. Биздин окуу жайга келгендердин көпчүлүгү кыргыз, өзбек улутундагылар. Алардын ортосунда кылым карыткан эки элдин ынтымагын, достугун ырастаган ынтымак-ырашкерлик өтө бекем.



Комментарии