“Мутакалим” коомунун Талас облусундагы өкүлү Таштанбекова Максуда: “Ар улуттун өкүлдөрү менен иштешүү, ынтымакты бекемдейт”

“Мутакалим” коомунун Талас облусундагы өкүлү Таштанбекова Максуда: “Ар улуттун өкүлдөрү менен иштешүү, ынтымакты бекемдейт”

Опубликовано: 01.06.18

“Мутакалим” коомунун Талас облусундагы өкүлү Таштанбекова Максуда:

“Ар улуттун өкүлдөрү менен иштешүү, ынтымакты бекемдейт”

 

Саламатсызбы, ” Мутакалим” коому жаштар арасында, айрыкча радикализм маселеси боюнча бир топ иштерди аткарып келет. Сиз, “Мутакалим” коомунун Талас облусу боюнча өкүлү катары, бул жагдайда кандай иш-чаралардын алкагында иштеп жатасыздар?

Саламатчылык, чынында эле, кийинки мезгилде “Мутакалим” аялдар коому радикализмди алдын-алуу боюнча, айрыкча, аялдар арасында көп иш-аракеттерди ишке ашырып келатат.  Биз ушул жагдайда, өзгөчө аялдар, жаш кыз-келиндер менен тыгыз иш алып барып, аларга бул көйгөйлүү маселени так түшүндүрүү боюнча бир катар алгылыктуу иштерди аткарып келебиз. Мамлекеттин кабыл алган Концепциясынын алкагында жер-жерлерди кыдырып, айыл-кыштактардын тургундары менен байма-бай жолугушуп, аларга аталган маселенин алкагында маалыматтарды берип турабыз.

Сиз, диний жаатта эмгектенгениңизге канча болду?

Диний жаатта 2010-жылдан бери иштейм. Казыяттын алдында Аялдарды окутуу борборун ачып, аялдар менен иштешкиле деген казынын буйругу менен  кыздарды, келинденрди, апаларды окутуп келатабыз. Шаарда гана эмес, алыскы-жакынкы райондордо да иштейбиз. Тагыраак айтканда, жалпысынан, 15 айылды аймактарга ылайык бөлүп алып, кыдырып окутабыз.

Окуучуларыңар менен диний сабактардан да тышкары, кандай тематикада сабактар өтүлөт?

Диний темалардан тышкары, өтө көйгөйлүү  маселе - ата-энени сыйлоо, урматтоо, адеп-ыйман темасына басым коебуз. Мындан тышкары, окуучулар шаарыбызды өркүндөтүү, адеп-ахлак, компьютердик курстар, ораторлук чеберчилик боюнча да сабак алышат. сабактардын баары акысыз окутулат.

Этникалар жана диний аралык тынчтыкты жана биримдикти сактоо боюнча кандай иш-чаралар өтүлөт?

Тынчтыкты жана этностор аралык биримдикти сактоо боюнча 2014-2015-жылдары Талас облусунда атайын тренингдер өткөрүлдү. Бизде ар  улуттардын өкүлдөрү көп. Андыктан алардын катышуусунда тренинг, семинарлар өткөрүлдү. Иш-чаралардын соңунда ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда ар түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлүп, жалпы иш-чаранын катышуучулары биргеликте бак отургузушту.  Бул иш-чаралар катышуучуларды бири-бирине жакындатып гана койбостон, ортодогу ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүнө бекем ынандык.  Иш-чаранын катышуучулары:  “Биз диндеги адамдар өздөрү менен өздөрү эле жүрө беришет деп ойлочубуз, көрсө, сиздер динден алыс адамдар менен да биргеликте иштешет турбайсыңарбы, бир жактуу деген оюбуз туур эмес турбайбы”-деп өз ойлорун ортого салышып, бир катар маселелердин алкагында кызыктуу талкуулар көп болду.  

Аталган тема өтө  маанилүү эмеспи, ушул багытта,  иш алып баруу боюнча сиздердин кандай иш-пландарыңар бар?

Бүгүнкү күндө биздеги өтө курч турган маселелердин бири –мектептеги рэкетчилик. Мурда эркек балдардын ортосунда болуп келсе, азыр кыздардын арасында да күч алып жатат. Чынын айтайын, биз бул багытта көп деле иш алып бара алчу эмеспиз. Себеби бул маселе бизге абдан кыйын сезилчү, биз бул маселе менен бир гана эркектер иштеши керек деп ойлочубуз. Бул жагдайда жакында гана окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлду, көрсө, окуучулардын 80% ы имам жана диний кызматкерлердин кеп-сөздөрүн угушаары аныкталды, көрсө, алардын адеп-ахлактуулугу башкаларга караганда көбүрөөк таасир берээрин айтышкан. Ушундан улам балдар менен иштешүүгө казыяттын өкүлдөрүнөн чакырып, алар менен чогуу иш алып барууну жолго койдук. Мындан тышкары, уюмдардын өкулдөрү келип, биз эркектерге гана таянып отура бербестен, өзубүз да иш алып барууну баштасак, анткени биз жүргүзгөн сурамжылоонун негизине таянсак, рэкетчилик маселесин аялдар да чече ала тургандыгына козүбүз жетти, анткени аял- бул эне, анын бардык иш-аракеттери эркектердикинен алда канча айырмаланып турат. Бул маселе көпчүлүк учурда энелердин балдарына жеткиликтүү тарбия бербегендигинен жаралууда. Себеби, кээ бир ата-энелер балдарынын күндөлүк жашоосуна эч кызыгышпайт, эмне менен алектенип жүргөндүгү тууралуу иштери да жок, натыйжада бул маселе күндөн-күнгө орчундуу көйгөйгө айланып баратат.  2017-жылдын декабрь айына чейин эле менин укканыма караганда 5 бала ушул маселенин кесепетинен өмүр менен кош айтышкан. 

Жакында эле биз мектепте өткөн чогулушта катыштык. Чогулуш учурунда соц.педагогдор: “Биз балдарга, айрыкча кыздарга сүйлөгөндөн коркуп калдык”-деп айтышты, себебин сураштырсак, аларга катуурак сүйлөп койсок, эшикти тарс жаап кетип калышат, ал эми кээ бир ата-энелер биз кыздарыбызга катуу сүйлөй албайбыз, бир аз катуураак сөз айтып койсок эле, өз өмүрлөрүнө кол салып жатышат деп билдиришти.   

Кеп соңунда, ата-энелерге кайрылаар элем, уул-кыздарыңарга көбүрөөк убакыт бөлггүлө, көр оокат өтөт, алардын жаңыдан калыптанып келе жаткан жашоосунда эмне болуп жаткандыгынан кабардар болуп тургула, балдар –биздин келечегибиз, алардын бул жашоодогу өз ордун табууларына, биринчи кезекте, биз, ата-энелер жоопкербиз!

 

 

 



Комментарии