Диний билим – талапка дал келсе...

Диний билим – талапка дал келсе...

Опубликовано: 01.06.18

Диний билим – талапка дал келсе...

 Акыркы учурда дүйнө жүзүндөгү үрөй учурган көрүнүштөрдүн бири – радикализм жанат терроризм. Аталган маселе Кыргызстанда да эксперттер арасында кызуу талкуу жаратып, бул маселеге туруштук берүү маскатында мамлекет тарабынан ар тараптуу иш-чаралар өтүп келатат.

Бүгүн, ушул маселенин тегерегинде сөз кылуу үчүн теология илимдеринин доктору Ажимаматов Зайнабидин мырза менен маек курдук.

Биздин өлкөнү радикализация маселесинин көз карашында биздикиндей мусулмандар басымдуу болгон өлкөлөр менен салыштырып баа берсеңиз?

-        Негизинен, радикализацияга каршы күрөшүүдө, биздин өлкөдөй светтик же мусулман өлкөлөрүндө күч менен же мыйзам менен күрөшүү аракеттери жасалып жатат. Диний радикализм менен күрөшүүдө эң мыкты деген мыйзамдын жалгыз өзү жетиштүү курал боло албайт. Албетте, мамлекет мыйзамдык нормалардын алкагында  бул маселени жоюуга аракет жасайт, тилекке каршы, радикализация мыйзам менен гана чечилип калбай турган оор маселе. Радикализация жашыруун түрдө, башка жол менен да өнүгүп кетүүсү мүмкүн.  Мисалы, бизге коңшулаш  мамлекеттерде радикализацияга каршы  мыйзамдарды катаалдаштырып жаткан күнү дагы, радикализацияны жок кылууда жакшы натыйжаларга жеткенин көрө алган жокпуз. Коомчулукта мамлекетке болгон ишенбестиктер күчөп кетүүсү мүмкүн.

 

Башка мамлекеттер менен салыштырмалуу, биздин мамлекетте абал кандай?

-        Кыргызстанда радикалдык көз караштар абдан өнүгүп кетти деп айтуудан алыспыз, албетте радикалдык, туура эмес көз караш, элементтер жок эмес, бар бирок, мамлекетке коркунуч туудура турган абалга жетти деп айтуудан алысмын. Бирок бул маселе келечекте өнүкпөйт деп да так кесе айта албайбыз. Андыктан, бизде аз ушул олутуу маселеге каршы мамлекет тарабынан конкреттүү иш-чаралар өтүлүп туруусу керек деп ойлойм.

Диний эксперт катары сиздин оюңузча, мамлекет радикализация коркунучуна каршы кандай аракеттерди көрүүсү керек?

-        Эң туура, бул олуттуу маселе менен күрөшүүдө мамлекеттин салымы сөзсүз болушу керек. Себеби, мамлекет баардык нерсени көзөмөлдөп турат. Айрыкча, акыркы жылдары мамлекет тарабынан мектептерде дин сабагынын киргизилиши колдоого алаарлык, жакшы жышаан. Анткени ушул убакытка чейин айтылып келген, радикализациянын негизги себеби – так маалыматтардын жетишсиздиги.  Ошондуктан, орто мектептердин окуучуларына дин тууралуу, болгондо да билимдүү маалыматты базалык  деңгээлде киргизүү туура кадам.  Жалпы орто мектепттерге ушундай сабактын кириши – радикалдык көз караштагы же радикализациянын жайылышына каршы бөгөт коюп, жакшы натыйжаларды берет деген ойдомун.

Ушул жагдайда мектеп жашынан өткөн улуу муундар менен мамлекет кандай иш алып баруусу керек?

-        Биздин өлкөнүн басымдуу бөлүгү мусулмандар. Андыктан, бул маселеге өзгөчө көңүл буруубуз керек. Ошондуктан бул олуттуу маселеде өзгөчө дин кызматкерлеринде өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Имамдар, башка дин кызматкерлери калк менен тыгыз байланышта иш алып баруулары керек. Өзгөчө, жакшылык-жамандык болгон учурларда молдолордун ролу абдан чоң. Мындан сырткары эл топтолгон жерлерде туура багытта түшүндүрүү иштерин байма-бай өтүп туруусу зарыл.

Ал эми аялдардын радикализмди алдын-алуудагы ролу кандай? Эмне үчүн?

-        Бул олуттуу маселеде аялдардын ролу абдан чоң. Өзгөчө, уул-кыздарга тарбия берүү маселесинде аялдын таасири өтө чоң. Себеби, балдар атага караганда, көбүрөөк убакытты энелери менен бирге өткөрөт.  Ошондуктан, аялдардын радикализацияны алдын-алууда ролу абдан чоң. Эне – балдарына туура тарбия берип, алардын келечек жашоосуна туура багыт берсе – радикализацияны алдын-алууда  сөзсүз түрдө олуттуу таасирин берээрине мен толук ишенем. Бирок аялдар  диний билимдери талапка дал келүүлөрү керек. Бүгүнкү күндө кыз-келиндер арасында динге болгон кызыгуу чоң. Тилекке каршы, аялдардын, өзгөчө айыл жергесиндегилерге, диний билим алуулары боюнча шарттар көңүл жылытаарлык эмес. Ушул жагдайда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында да аялдарга жетишээрлик көңүл бурулган эмес деген ойдомун. Бул – менимче чоң кемчилик. Коомчулуктун таасирдүү бөлүгү – аялдар, тагыраак айтканда, диний билимсиздиктен, сабатсыздыктан улам, динге ишенген, тутунган  көптөгөн жаштарыбыздын арасында диний радикалдашуу пайда болууда. Мындайга жол бербөө үчүн бул маселеге олуттуу көңүл бурушубуз керек.  



Комментарии