Суроо - жооп

Суроо - жооп

Опубликовано: 08.06.18

  1. Саламатсызбы,  Мен турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Бирок азырксыга чейин балалуу боло элекпиз. Мен үйдө бош отурбай, жолдошума да жардам берүү максатта жумушка чыксамбы дегем. Өзүбүз орто жашаган үй-бүлөбүз. Жолдошум экөөбүз намаз окуган адамдарбыз. Бирок жолдошум иштегениме каршы болуп жаткандай, анткени кесибим боюнча бухгалтермин ар кандай адамдар менен иштешүүгө туура келет. Жолдошума Ыйык Курандагы жана хадистерде аялщатынын иштөөсүнө кандай уруксаттар берилген да, кандай чектөөлөр коюоган, мына ушуну тактап алайын дегем. Анонимдүү болсун.

Мүмкүн болсо, аяттардын номерлеринен бери жазып, так жооп берип койсоңуздар. Чоң рахмат.

 

Жооп: Аллах Тообо сүрөсүнүн 105 –аятында: “Аларга: « Жасай турганынарды жасагыла. Ишинерди Аллах, пайгамбар жана момундар жакында көрөт. Жашыруун менен ашкерени Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар да, ошондо Аллах силер эмне иш кылганыңардан кабар берет»,-дегин” - деп айтылган.

Бул аятта Аллах Таала иштегенге уруксат берип жатат. Анын ичинде эркектерге жана аялдарга да соода кылып эмгектенгенге уруксат берип жатат.

Бирок эркектер менен аялдар чогуу иштеген жерде өзүн-өзү алып жүрүү маданиятын сактоо экендигин билиш керек. Бул нерсе фитнадан жана аламандыктан  алыс болуу үчүн. Ошондой эле аялдын кийими шарият нормааларына жооп берүүсү керек.

Аялдын эмгектенүүсүнө бир канча шарттар бар:

  1. Өзүнүн уяттуу жерлерин жабуу керек. Кандай болгон учурда да аял өз уятын жаап жүрүүсү керек. Мусулман аял – дүйнө жүзүндөгү баардык байлыкты тартууласа да, бир тал чачын көргөзбөгөн адам.
  2. Эч качан жабык жерде чоочун, махрам эмес болгон эркек менен калбашы керек.  
  3. Аял киши чоочун эркек менен жумуштан тышкары, ашыкча сүйлөбөш керек.
  4. Күйөөсүнүн уруксаты болушу керек.

 

 

  1. Саламатсызбы.  Мен көптөн бери өз суроомо жооп ала албай келем.Мен кичине кнзимден эле мед.кызматкери болгум келчү. Тактап айтканда, стоматолог болгум келет. Ал эми менин байкемдер бул оюма каршы чыгып жатышат. Биздин үй-бүлө намаз окуган, дин жолундагы үй-бүлө.  Мен окуума байланыштуу чет жакка чыгып кетем, ошондуктан мен башка эч кимден так жана даана жооп ала албадым. Тактап кетиңиздерчи:

 

Жооп: Аялдар баардык кесипти үйрөнүп окуганы жакшы. Себеби балдарына үйрөтөт. Кыргызда жакшы макал бар эмесби: “Тарбия башаты үй-бүлө” -  деген. Аялдар иштеп окуганга болот, шарият чегинен чыкпай. Хадисте айтылат:“Илим алуу ар мусулман эркекке жана аялга парз (милдеттүү)” -  деп.

 Алак сүрөсү 1-5-аятка чейин.

1. Оку! Жараткан эгеңдин аты менен ,

2. Инсанды Ал уйуган кандан жараткан.

3. Оку! Сенин Эген абдан айкөл-Ызаттуу

4. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн

5. (Ал) инсанга анын билбеген нерселерин үйрөткөн

Тоха сүрөсү 114-аят. Чындыгында, Чыныгы Падыша Аллах-бардык нерседен жогору. Сага айтылган айан кабардын бүтүшүнөн мурун Куранды окууга ашыкпай: «Оо, Эгем! Илимимди арттыр!»,-дегин.

 

  1. Менин атым Гульсина. Мен Кызыл Кыя шаарындагы Масалиев айыл өкмөтүнүн тургунумун. Мен биздин айылдагы орто мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим болуп 2010 -жылдан баштап иштеп келем. Кийинчерээк мен өз каалоом боюнча жоолук салынып, намаз окуй баштадым. Турмушка чыгып 3 балалуу болуп, күйөөм менен ажырашып кеткенбиз. Эми мени мектеп жетекчиси чакырып жоолугуң биздин светтик мектептке туура келбейт, мугалим болгондон кийин талапка жооп берип кийинүү керек экендигин айтышты. Эгерде мен макул болбосом, анда жумуштан кетишимди талап койду. Мен кетсем, 3 баламды кантип багам. Атасы эч кандай жардам бербейт. Жалгыз айлыгыма багып келем. Мен эмне кылышым керек?

 

Жооп: Негизи, КР мыйзамында Дин тутуу эркиндиги боюнча эч ким сизди кийген кийимиңизге карап жумуштан четтете албайт. Эч бир мекеменин уставы же башка башкы документтери КРнын мыйзамынан жогору турбайт. Ошондуктан сиз тийиштүү органдарга, алар: КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Акыйкатчысына арыз жазып кайрылууңуз керек.



Комментарии