ЖАН ДҮЙНӨНҮ АРУУЛАНТКАН АЖЫЛЫК

ЖАН ДҮЙНӨНҮ АРУУЛАНТКАН АЖЫЛЫК

Опубликовано: 12.06.18

Быйыл куттуу рамазан айы 17-майдан тартып башталды. Бүт дүйнөдөгү мусулмандар өздөрүнө парз болгон рамазан орозосун Алланын ыраазычылыгы үчүн кармап жатышат. Бул куттуу айдан соӊ коомчулуктун назары ажы сапарына бурулат. Ажылык, умра ибадаттары тууралуу төмөндөгү макала сиздерге сунушталат.

Нурлан Абсалбек уулу, Ош шаарындагы «Раббаний» мечитинин баш имамы:

- Ажылык жана умра - бойго жеткен, акыл-эси жайында болгон мусулман инсандын ибадаттары. Мусулманга өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруу парз амалдарынан болот. Ажылык менен умранын ортосунда айырмачылыктар бар. Ажылыктын умрадан биринчи айырмасы - ажылык ибадаттары белгилүү болгон айлардын ичинде гана жасалат. Алла Тааланын үйүнө жасалчу ибадат. Ал эми умра болсо ажылык сыяктуу белгилүү бир убакыт менен байланган эмес же болбосо Арафатта туруу менен чектелген эмес. Ажылыкта Муздалифа өрөөнүндө түнөө, Жамаратка таш атуу деген сыяктуу  кошумча ибадаттар бар. Ажылыкта белгиленген убакытты айта турган болсок, ажылык биринчи шаввал айынан башталат да курман айт күнгө чейин созулат. Умра - бул дагы бир зыярат. Алла Таалага ибадат кылуу менен жакындоо болуп саналат жана Сафаа жана Марва дөӊсөөлөрүнүн ортосунда болгон аракет. Ажылыкка кирген кезде мусулман инсан ихрамда (атайын кийимде) болот. Ажылык менен умранын дагы бир айырмачылыгы, ажылык умрага караганда кененирээк, узагыраак болуп эсептелинет. Ажылыктын дагы, умранын дагы касиеттери улуу. Алла Таала ажы жана умра ибадаттарын кылган инсандардын күнөөлөрүн энеден төрөлгөндөй таза кылып кечирет. 

Ажылар  - Алланын коноктору…

  Азирети Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) «Ажылык жана умра ибадатын аткаргандар Алланын коноктору. Ошондуктан дуба кылса Жараткан алардын дубаларын кабыл кылат. Кечирим тилесе, аларды кечирет» деген хадисинде айтылгандай, ажылыкка баруу мусулман инсан үчүн эӊ сонун мүмкүнчүлүк. Муну жакшы түшүнгөн мусулмандар жыл сайын ажы, умра сапарларына агылып жөнөп турушат. Өткөн жылы Сауд Арабиясы ажылык үчүн Кыргызстанга 4585 орун бөлсө, быйыл 640 кишиге көбөйтүп, 5485 орун берди. Муфтияттын маалымат кызматынын билдиришинче, быйылкы ажылыктын баасы 2 890 АКШ долларын түзөт. Учурда ажыга барчулардын тизмеси такталып, кийимдери тигилүүдө.

Ажылыкка чакыруу

«Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөлөрдүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет» (Хаж сүрөсү, 22-27).

Бул чакыруу буйругун берген Улуу Алла. Чакыруу үчүн буюрулган эӊ биринчи адам - азирети Ибрахим.

Чакырылган коноктор - бардык инсандар, чакырыкка жооп бергендер болсо - моюн сунгандар. Алла Таала азирети Ибрахимге Каабаны курдуруп, адамдардын намаз окуусу үчүн ар түрдүү ширк калдыктарынан тазалаткандан кийин инсандарга ажыга барууну буюрду. Акыркы пайгамбар  азирети Мухаммед (с.а.в.) болсо Ибрахимдин чакырыгын жаӊылаган жана түбөлүккө  чейин калтырган.

Эгерде бир мусулман ажыга бара турган күч-кубат, мүмкүнчүлүк (акча каражаты, үй-бүлө шарты, ж.б.) таба алса, ал бул чакырыктын угуучусу болуп саналат жана бул чакырыкты кечиктирбестен кабыл алуусу зарыл. «Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алланын ыраазычылыгы үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү» (Али Имран, 3.97) деп Куранда айтылгандай, ден соолугу чыӊ жана материалдык жактан ажылык милдетин аткарууга чамасы жеткен ар бир мусулман эркек жана аял өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруусу парз болуп саналат. Ислам дининин негизги 5 парзынын бири катары ажылык ибадаты хижранын 9-жылы парз кылынган. Ажылыктын парздыгы Куранда жана куттуу хадистер аркылуу далилденген.

Ажылык

Жылдын белгилүү айында жана күндөрүндө ажылык парзын аткаруу ниети менен ихрамга кирип, Мекке шаарына жакын жердеги Арафат өрөөнүндө чогулган мусулмандар менен чогуу туруу жана Каабаны тооп кылуу,  ажылыктын башка дагы бир топ талаптарын аткаруу ажылык болуп саналат. Ажылык ибадатын аткаргандар ажы деп аталат. Ажы сапарына баруу менен инсандар жан дүйнөсүн тазалап, руханий жактан Аллага жакындап кайтышат.

Ажылыктын парздары

1.   Ихрам;

2.   Арафатта туру;

3.   Тооп кылуу.

1.Ихрам - ажылык, умра же бул экөөнү бирдей аткаруу ниети менен башка убактарда жасалуусуна уруксат берилген кээ бир иш-аракеттерден ажылык, умра учурунда оолак болуу дегенди билдирет. Эл оозунда ихрамга кирүүдө зарыл болгон 2 даана ак сүлгү сыяктуу тигишсиз кийим да «ихрам» деп аталып жүрөт. Бирок чыныгы ихрам - ниет жана талбия дубасы менен бирге, ошол ак кийимди оронуу аркылуу жүзөгө ашат.

Ханафий мазхабы боюнча ниет кылуу жана талбия айтуу ихрамга кирүүнүн негизи болуп саналат. Булардын бирин жасабаган адам ихрамга кирген болуп эсептелбейт.

 Ихрамга кирген маалдан баштап чыкканга чейин ажылыкка барган адамдар башкаларга зыян кылуудан, урушуп-талашуудан, сөгүнүүдөн, жаман сөз айтуудан, терс кыймыл-аракет жасоодон оолак болушат. Ажы башчылардын айткан сөзүн угуп, аларга баш ийишет. Алар ажылык убагында өзүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүп берип, эскертип турушат.

а) Ниет

Ниет  -аткарыла турган ажылыктын түрүнө же умрага карата чын көӊүлдөн ниет кылуу. Ниет көӊүлдөн болот. Бирок көӊүлдөн ниет кылуу менен бирге оозу менен айтуусу да шарт. Ниет кылынып (Жаратканым! Сенин ыраазычылыгыӊ үчүн умра кылууга ниеттендим, муну мага жеӊил кылып, менин амалымды кабыл кыла көр), талбия айтылаар менен ихрамга кирген болуп эсептелет. Учурда көбүнчө ажыга баргандар алгач умра ибадатын аткарышып, анан ажылыкка ниет кылышат. Бул учурда умра ибадаты толук аткарылып бүткөндөн кийин ихрамдан чыгып, ажылык күндөрү келгенде парз ажылык үчүн кайрадан ниет кылынат.

Ажылык күндөр Зулхижжа айынын 8-күнү башталат. Бул күндөн айдын 13-күнүнө чейинки 6 күн ичинде түрдүү ажылык ибадаттары аткарылат.

 б) Талбия айтуу

Талбия ихрамга кирердин алдында айтылуусу важиб болгон жана ихрамдуу мезгил ичинде көп кайталап айтылууга тийиш болгон дуба.

Ал минтип айтылат:

«Лаббайк Аллахума лаббайк, лаббайка лаа шарийка лака лаббайк, иннал хамда ваннимата лака вал мулк, лаа шарийка лак».

Кыргызча мааниси: «Жаратканым! Мен Сенин буйругуӊду аткарууга келдим! Сенин буйругуӊа даяр болуп Өзүӊө багындым! Жаратканым, Сенин шеригиӊ жок! Буйругуӊду орундатканга даярмын! Чынында бардык мактоо-даӊазалар Өзүӊө тиешелүү, сый-жакшылыктар Сеники, бийлик-мүлк да Сеники! Сенин эч кандай шеригиӊ жок!»

     Ихрамга кирерде бир ирет талбия айтуу жетиштүү. Ал эми ихрамдуу мезгилде үн чыгарып талбия айтып жүрүү сүннөт. Аялдар талбияны, башка дубаларды ичинен айтканы оӊ.

   Ажылыктын убагы хижрий календары боюнча «Ажылык айлары» деп аталган Шаввал жана Зулкаада айлары менен Зулхижжа айынын биринчи 10 күнүндө аткарылган ибадат. Ажылык айлары кирмейинче эч кандай ажылык ибадаттары аткарылбайт. Ханафий мазхабы боюнча ажылык айлары кире электе ихрамга алдын ала кирүү макрух болсо да, ихрамга кирсе дурус. Шафийлер боюнча ажылык айлардан мурун ихрамга кирсе бул умранын ихрамы болуп саналат да, ажылык үчүн өз маалы келгенде кайрадан ихрамга кирүү зарыл болот.

 Умра кылуунун атайын белгилүү убактысы болбогондуктан, умра үчүн ар кандай убакыттарда ихрамга кирүүгө уруксат.

2. Арафатта туруу. Арафатта туруу убактысы анык белгиленген парз болгондуктан, Арафатта туруунун өз убактысын өткөрүп жиберген адам ошол жылкы ажылыкты аткаруудан куру калат жана кийинки жылдары кайрадан ажылыкты аткарууга туура келет.

 Арафатта туруу деп Меккенин болжолу 25 км. түштүк-чыгышындагы адырлуу өрөөндөгү Арафат деп аталган өтө бийик эмес тоодо арапа күнү түш оогондон баштап курман айттын биринчи күнү багымдат намазына чейин болуу айтылат.     

Арафатта туруу шарттары:

• ажылык парзын аткаруу ниети менен ихрамга кирген болушу керек;

•  арапа күнү түш оогон ченден баштап курман айт күнүнүн таӊына чейинки убакыттын ичинде Арафат өрөөнүнүн чектеринин ичинде туруу.

•  Зулхижжа айынын 9 -күнү - арапа.

3.Тооп кылуу. Касиеттүү Каабаны Жараткан Алла Таалага ибадат кылуу ниети менен жети ирет айлануу. Бул зыярат кылуу тообу аткарылбаса ажылык ибадаты орундалган болуп эсептелбейт. Алла Таала Куранда: «…жана алар эӊ байыркы ибадат үйү болгон Каабаны тооп кылышсын» (Хаж сүрөсү, 22. 29-аят) деп буюрган. Тооп кылуунун парздыгы ушул аятка негизделет.

Ажыга баргандар Каабага 2 жолу тооп кылышат. Биринчи жолу Меккеге биринчи жолу келгенде Каабага салам берүү иретинде тооп кылышат, ал эми экинчи жолу ажылык ибадатын аткарып жаткандар Арафат тоосунан Меккеге келгенден кийин 7 жолу тооп кылышат. Бул ибадат зыярат тообу деп аталат. Зыярат тообунда да Каабаны 7 ирет айлануу шарт. Зыярат тообу аткарылбай калса ажылык аткарылбаган болот.

Ажылыктын важибдери

• Сафаа-Марва дөӊсөөлөрүнүн арасында саай кылуу (7 жолу чуркап өтүү);

• Муздалифа тоосунда туруу;

• Шайтанга таш ыргытуу;

• Чач алдыруу же кыскартуу;

• Коштошуу тообу.

Бул амалдарды аткаруу важиб (парз болбогону менен сообу көп, сүннөттөн жогору).

Колдонулган адабияттар:

1. «Ажылык рух азыгы» (түркчөдөн которгон Абдималик Турсунбеков);

2. Ислам негиздери (даярдаган Алмамбет Осмон уулу).

Масим Турсунбекова 

Булак: http://oshshamy.kg/index.php/kg/component/k2/item/2406-zhan-d-jn-n-aruulantkan-azhylyk 



Комментарии