Спирт ичимдиктеринен жана тамекиден арылуунун жолу.

Спирт ичимдиктеринен жана тамекиден арылуунун жолу.

Опубликовано: 11.04.17


Дүйнө жүзү боюнча адамдын өлүүсү күн санап көбөйүүдө, анын ичинен Кыргызстан да башка өлкөлөрдөн кем эмес. Бул өлүмдүн себеби ар кандай оорулар жана ден соолука зыян келчүү заттарды колдонуудан келип чыгат. Алардын ичине наркотик, ар кандай спирт ичимдиктери, насывай, тамеки жана ушундай болгон адамдын жаркын жашоосуна, караңгы түн алып келе турган заттар болуп эсептелинет. Ар бир адам бул ден соолука зыян экенин билген күндө да, анын арты өлүм экенин кээ бир адам билбесе керек.

Тамеки:

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо министирлигинин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1,3 миллиарддаган адамдар чылым чегүүгө көз каранды болуп калганы айтылууда. Жылына 6 млн. дон ашык адам тамекинин себебинен көз жумууда, алардын 30% рак менен ооругандар. Егерде бул жаман илдеттен арылуунун жолу табылбаса анда 2020 – жылы, жылына 10 млн адам көз жумуш коркунучу бар. Ал эми 2030 – жыл өлүмгө эң көп алып келген илдеттердин бири болуп калаарын белгилешүүдө.

Ал эми Кыргызстанда дагы мындай көрүнүш күндөн күнгө көбөйүүдө.
Спирт ичимдиктери:

2008 – жылдын жыйынтыгы боюнча орто эсеп менен. Башкача айтканда, Кыргызстанда жашаган ар бир жараанга, 3,2 литр арак, 9 литр сыра, 900 грамм шарап, 70 грамм коньяк, 90 грамм шампан туура келген. Өлкөбүздө орточо эсеп менен ар бир үй – бүлө жылына 7-11 миң сомду арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62 ге, аялдардын жашы 67ге чейин кыскарып кеткендиги айтылган. Бул 2008 – жылдын көрсөткөн жыйынтыгы, тилеке каршы жылдан жылга саны өсүүдө.

Тамеки, арак жана башка зыян жеткирүүчү заттардын канчалык ден соолука терс таасири берээри радио, телевизор, гезит, интернет баракчаларынан, атайын семинарлар өткөрүлүп, дарыгерлер да кеңеш берип келүүдө бирок ошого карабай күндөн күнгө колдонуучулардын саны көбөйүүдө. Бир убакта эркектер эле арак ичип тамеки чеккен болсо азыркы учурда тең укуктуубуз деп аялдар да тең тайлашып жаткан учур.
Ушул жаман илдеттен арылуунун миңдеген жолдору бар мисалы; дарыгердин жардамы менен дарылануу, психологдордун жардамы менен таштоого болот.

Коомдогу бул көйгөйдү чечүүнүн эң оңой жана таасирдүү жолу бул жаштардын мечитке көп баруусу башкача айтканда динди жайылтуу менен мындай илдеттерден оңой арылууга болот экенин адистер белгилешүүдө.

Сокулук районунун тургуну Бөрүбай Токтомаматовичтен алган интервьюубуз жогоруда айтылган сөзүбүзгө жооп болуп бере алат деп ойлойбуз.
Спирт ичимдиктердин ичүүгө эмне себеп болду?

10 ду бүтүп институтка тапшырып өтпөй калгам ошондон намыстанып Украинага кеткем ошол жактан пиво ичкенди үйрөдүм кийинчерээк пивону тоготпой арака өттүм.

Спирт ичимдиктери сиздин жашооңузга кандай терс таасирлери тийди?

Өтө көп, мисалы ичкенде сөсзүз бирөөлөр менен мушташчумун, эртеси үч-төрт күн башым ооруйт эле, эч нерсе жей албай калчумун ж.б аябай көп зыяны тийди тапкан акчамдын берекеси кетип, ден соолук да жоготтум.

Бул жаман илдетти таштоого кандай аракеттерди кылдыңыз? Жана жыйынтык болдубу?

Кийинчерээк көп ооруй турган болдум, тааныштар айтып башташты леченья ал, бакшыга бар окуп коет жакшы болуп каласың деп кеңеш беришкен. Барып да көрдүм эч кандай таасир болгон жок. Кийинчерээк мечитке бардым ал жактан мусулман бир туугандар даават кылышты, мечитке көп катттай баштадым ошентип аракты таштаганыма Ислам дини, мечит чоң таасир этти. Азыр Кудайга шүгүр 13 жыл болду оозума албай калдым.

Бул миндеген жараандардын биринен эле алынган жооп болду, бирок ушул Бөрүбай Токтомаматович сыяктуу көптөгөн адамдардын арак, тамеки сыяктуу жаман илдеттерди таштоого Ислам дининн, мечиттердин салымы өтө чоң экенин баса белгилөөгө болот.
Ичимдике берилген адамдардын көпчүлүк бөлүгү үй-бүлөлүк же жеке жашоондогу көйгөйлөрдүн улам эрксиздиктен ичимдике алдырып коюшат. Адамдын руханияты ачка болсо ага сырткы факторлор жардамбере албайт ошол эле дарылануу жана башка аракеттер жакшы жыйынтык бере албашы мүмкүн. Жогоруда айткандай мечиттердин салымы чоң болгонуна себеп, руханий ачкачылыктын жоюулуусуна чоң көмөк болууда.Ичимдике берилген адамдардын көпчүлүк бөлүгү үй-бүлөлүк же жеке жашоондогу көйгөйлөрдүн улам эрксиздиктен ичимдике алдырып коюшат. Адамдын руханияты ачка болсо ага сырткы факторлор жардамбере албайт ошол эле дарылануу жана башка аракеттер жакшы жыйынтык бере албашы мүмкүн. Жогоруда айткандай мечиттердин салымы чоң болгонуна себеп, руханий ачкачылыктын жоюулуусуна чоң көмөк болууда.



Комментарии