Айчүрөк Борукеева ийгиликтуу тележылдыздык карьерадан жөнөкөй бактылуу жубай жана энеге айланды

Опубликовано: 16.06.17

-Ассалому алейкум, Айчурок эже. Туткан орозонуз кабыл болсун! Сиз менен дагы жакындан таанышсак, озунуз жонундо эмнелерди айтып бере аласыз?  Кайдан болосуз? Ата-энениз кимдер?        

-Ва алейкум ас-салам  рахматуллахи ва баракатуху. Саламды толугураак айтсан, сообу кобуроок болот дечу беле анын устуно  жараткандын рахматы менен берекесин амандашкан адамына тилөөнүн өзү кандай керемет. Ыйык Рамазан айында жакшы сөзүбүз, амалдарыбыз менен арбыныраак сооп, акыретибиз учун пайда  топтоп алганга аракет кылып калалы. Сиздерди айлардын султаны болгон Рамазан айы, Аллах ыраазычылыгы учун  туткан орозонуздар менен куттуктаймын.                        

  Мен киммин? Албетте, кыргыздын бир кызы, мусулман аялзаты, жубай, энемин, түшкөн жерим Кара-Кулжа, төркунум Талас. Мугалимдердин уй-булөсундөчонойдум. Тынч, социалдык тендик өкум сургөн, келечекке укмуштуудай умутөтрду кыялданткан СССР заманынын тарбиясын азыраак болсо да көруп, алып калгандарданмын. Болгону комсомолго өткөнгө гана жетишпей калдым, пионердик жашоонун болсо, эн сонун көз ирмемдерин өткөрдум.  Азыркыдай, жердигине, урууга, кланга, партияга бөлунбөгөн бутундук, темирдей тартип бар эле,  ал доордо,  адеп ахлак ар бир адамдын турпатында болчу, болгону  шарияттан тушунук дээрлик жокко эсе эмес беле.                                                                                                                             

 -  Телевиденияга кандайча келип калдыныз? Кайсы каналда, кайсыл көрсөтуулөрду алпаргансыз?                                                                                                                               

-КТРК га 1997-жылы 19 жашымда, 3-курсту аяктап калган учурумда аралаштым.Телеканалдын босогосун биринчи аттаган куну эле, текст окутуп көрушуп, жактырышты. Дароо эле ошол куну  монтажга катыштырып «Жан балам» деген балдардын куттуктоо көрсөтуусунө алып баруучу катары кабыл алышты. Айбек Мусаев менен Рустам Аташов байкелер  менин алгачкы  устатым ары кесиптештерим. 4-курста окуп журуп, балдар жанылыктарын, аздан сон студенттер менен  5*5,  кийин «Студенттик кечтер», корсотуусун  даярдап эфирге чыгып журуп олтуруп, окуумду аяктаган сон, 21 жашымда жумушчу ордум да даяр болуп калды.  А. Аппасова, М. Добутов, М. Арстанбек, Б.Боркеев  баш болгон кесиптештерим мага болгон мумкунчулукту тузуп, билгенин бөлушуп дегендей бир команда болуп, жардам берип турушту. «Тараза» деген интеллектуалдык  автордук көрсөтуумду алып чыктым, «Алтынчы куну кечинде» маалымат-көнул ачуу көрсөтуусун  даярдап, алып барып журдум. Такшала тушкөндө,  КТРК нын тарыхындагы кучтуу  жетекчилердин бири А.Карыпкуловдун сунушу,  кучтуу журналисттеринин бири, устаттык жол көрсөткөн М. Мамбеталиев агайымдын чакыруусу менен Ала-Тоо маалымат программасына которушту. Жоопкерчиликти ары  ыкчамдыкты мага ушул маалымат менен иштоо иши уйрөтту. «Жанылыктар», «Ала-Тоо», «Аргумент», «Жетиген» программаларында алып баруучу да, кабарчы да, редактор да болуп бир нече функцияны чоогу алып кеткендердин бири болдум. Телевидения ушунчалык адамды байлап коёт, кесипти суйгөндөн  мурун да, жасаган эмгегинден ырахат алып,  жоопкерчиликти бекем илип аласын да  башка нерселерди, анын ичинде турмушту ж.б унутта калтырганынды өзун байкабай каласын. Убакыт зымырап бара жатканын сезе, 22 жашымда таанышкан жигитиме 27 жашка барганда, ошентип  турмушка чыктым. 

-Канча баланыз бар. Азыр кайда иштейсиз?                                                                                                                                       

-Азырынча 3 балам бар. 1 уул, 2 кыз бала. Катары менен төрөгөндуктөн, бир топ жылдар декреттик өргуудө олтурдум, мамлекетке ырахмат, өргууну 3 жылдан кылып, баланды  төрөлтуп алууна шарт тузуп бергени учун. Жумушума кайтуума убакыт келгенде, көбурөөк жолдошума, уй-булөмө керек болуп турганымды тушунуп, буйруса кайра келээрмин деген ниет менен  бошонуп алганмын.   «Куйөөмдун ыраазычылыгы - Аллахтын ыраазычылыгы» дейт, бир чети  «Эч ким дуйнөгө туркук эмес, мен болбосом, башка бирөө иштейт. Дагы бир аз уй-булөмө конул буруп турайын»- дедим. Балдарымды бакчага, анан мектепке ташышым керек болду.  Энеден артык ким  жакшы карайт эле баланы?                                    

  - Анан, ийгиликтуу тележылдыздык карьерадан, атак, данктан оной эле баш тартып койдунузбу?                                                                                                                           

-Изаура, атак, данк, байлык колдун кири эмеспи. Бул жалган дуйнөдө, кимдин эле  козу, көкурөгу тоюптур? Мен, азыр мисалы, жумушумду сагынамын, жакшы, таттуу уктагым келгенде.  Себеби, ишимди так, ойдогудай аткарып, эфирге берип, анан кошулуп,  тоону томкоргондой сезимден ырахат ала уктайт элем. Анан, сөзсуз  барга жокко кайыл болгон, дуйнөсу таза, элдин жугун  өз жугу деп билген кесиптештеримди сагынам. Телевидениенин, радионун кызматкерлеринин майрамында көзу өтуп кеткен кесиптештеримди эскерген беруулөрду көруп алып, ичим эншерилип ыйлайм. Жолдошум менен биргеликте, менин планым,  албетте, биринчи орунда, акыретке багытталган. Бул жалганда кымбат санаган бриллиант таштар, акыретте кум ордуна төшөлуп турса, илим билим, прогресс өнуккөн заманда, чындык менен жалганды ажырата албай тунгуюкка кирип алсак, анда эле акыреттеги абалыбыз, жагдайыбыз кандай болот?                                                    Иш кыла турган болсом да, Аллахтын ыраазычылыгы учун, мекендештеримдин кызыкчылыгы, элимдин ынтымагына арналган долбоорлор менен алектенууго бел байлайм деп турам, буйруса. Азыр,оюмдун, аракетимдин баары ошого бурулган.  Телеге кайтып барсам, кунугөөзум көруп, таразага салган социалдык-экономикалык көрсөтуу жасагым келет. Которуучу темаларым болсо, кат-кат болуп тизилип турат.  Жолдошум уруксатын берип жатат, ага ырахмат, мени тушунуп, дем, куч бергенине. Эми жаратканым буйруган, сааты чыккан маалды пландаган долбоорлорумду жузөгө ашырууга арнасам дейм.                                                  А салынган жоолугум, тунук акыл, көкурөк толо мекенчилдик сезим, талдай билгенге адил көз караш болсо, тоскоол болбойт деп ойлойм. Апаларым илгертен эле  салынган жоолукту, тыкан, артка бууй 8 жылдан бери салынып журөм, бул өзумө да жагат, ал эми хиджап кийген келин-кыздарды көргөндө, көзум куйуп эле кетет. Кундөрдун биринде мага да татына кылып салынууну буйрусун, жаратканым. Кыргыздын аялзатынын кийими кандай адеми, биз сөзсуз, улуттук көркөмдукту камтыган кийимдерибизди  кунумдук турмушта да дайым кийип журууну жашообузга киргизип алышыбыз керек.

- Демек, жоолук, шарият көрсөткөндөй кийинуу сизге жагат экен да?                                                                                                                   

-Мурда «катын» деген соз кулагыбызга ото одоно угулат эле. Суук көздөн, жаман ойдон, арам колдон аялзатын каткан, ага  болгон аёну, коргоону, астейдил мамилени корсоткон ислам эмеспи. Куранда да аялды аста катып атап, ханышадай даражага көтөргөн го. Укугу, орду эми суктанаарлык. Жада калса, Иса пайгамбардын энеси Марьямдын намысын сактап, туура баяндап берген да дал ушул китеп эмеспи. 1-классты аяктаган кичуу кызым Жамбы байкесине айтып жатат : « Биз кыздар хрустальдайбыз, муну Мухаммад САВ айткан го. Жаныман акырын отунуз, урушпаныз мени»-деп. Тилекке каршы азыр, аялзаттын, эже-синдилеримдин назиктигин, аялуулугун куу турмуш унуткартып койду. 14 жылдан бери, уйдөөзумду аял катары сезип, калканчта болгонума мин мертебе алкыш айтып олтурдум. Биздин коомдун жигиттери апаларын, жубайларын этектебей, коргоого, мээримге алышса экен дейм.  Оомал- токмол,  азгырыктуу ары кооптуу да заманда жашап жатабыз. Адаттан тышкары, «гендердик норма» деп эсептеп эле  эмес, керек болсо таануулап да догурунуп да, салттуу уй-булонун тузулушун  туп тамырынан кырккысы келген Европанын  бир жыныстуулар ортосундагы никени мыйзамдаштыруусу, инцестти ( ата-кызы, апа-баласы  ж.б. уй-було мучолору менен катнашты жактоо ондуу) жашоосуна киргизуу,   кечээки кундөру эле  өлуктөр менен да  катнашты мыйзамдаштырууну жар салган  жаштарынын акылга сыйбас кумары биздин коомго терс таасирин тийгизбейт деп айта албайбыз. Бизде да акырындык менен анча-мынча баштарын кылтыйта коюп жатышат. Анан, аялдарыбыз  катынса, ыпластыктан уул, кызын кошо катса, эркеги коргосо анын эмнеси жаман да эмнеси кооптуу? Нагыз коркунуч Европа тарапта болуп турат. Европага агылган жаштарыбызга салт,нарк, адепти кут куйгандай куюп,анан гана сыртка чыгарсак. Эгемендуулуктун алгачкы жылдары алыс, жакын аралыктагы өлкөлөрдун окуу жайларынан биздин студенттер учун квоталар берилип, окуп башташты. Туркияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан студенттер келишет. Кийинки окуу жылында Өзбекстан дароо кыздарынын бирин калтырбай алып чыгып кетет. Дымагы кучтуу турк эркектеринин алдында бир да кызын калтыргысы келбеген, мекенчилдигин карабайсынбы.                                                                                                                       

-Арабдашып кеттик деген замандаштарыбызды кандай тушунөсуз?                      

     -Эми, жалгыз Аллахка гана маалым, бардык пайгамбарларды сыйлап да кордоп да келген чөл элдерине, араб, жөөттөргө бергенинин себебин. Адам ата, Обо энеден тараган адам баласынын жашоосу учун алда канча кыйын болгон чөлдуктөргө сыноо ирээтинде, ары татаалдаштырып, жайылтуучу вазийпасын кошо жуктоп берсе керек дейм, аларга салыштырмалуу мисалы:  бейиштей жерде жашаган бизге берсе, Аллахтын созу  өтө эле женил, мээнетсизирээк болуп калмактыр, балким. Арабдарды ээрчип турасынар деген  теригуу ашыкча болуп калат го. Ар бир сөзу, илим менен тастыкталып, астрономия, физика, анатомия,  конституцияга негиз тузуп берген укук маселелери, тарых, география ж.б илимдердеги талаш, кыйын ачылыштардын бугун аныгына чыгып, изилдеп буткондон сон,  сыпатын, чечмеленишин Курандан таап, илимпоздор менен кошо дуйнө тангалып, кун сайын мусулманчылыкты кабыл алгандардын  да саны арбып барат. Кудайдын кулагы суйунсун. Ар бирине токтолсок, бул эми коп соз болуп кетет го. СССР тушунда жарык коргон Манас, Эр Тоштук эпосторундагы диний делген мазмундагы узундулор кыскартылып, басылып, жарыкка чыкканын билебиз. Анча-мынча калгандарынын ичинен  мусулман болуп төрөлуп, каапырлардын кылыгына көз жума албаган Алмамбет Манаска корголоп, каапыр кытай, калмактарга  каршы чыкканын бала кезден эле окуганбыз. Сырды да сандыкка ката албаган ушул тушта, улам бир архив которулуп, маалымат менен таанышып турган чагыбыз. Бөлунбөйлу, кыргызым, тенирчи, арабчы дебей, баары бир бараарыбыз бир акырет, мекенибиз Кыргызстан, улутубуз кыргыз. Бири-бирибизге тукурган сырт душмандардын тулку амалына, салган сыйыртмагына илинбейли, бир бололу.

Бул жашоодогу максатыныз?                                                                                           

Чыныгы мусулман аялзаты катары куйоомдун ыраазычылыгына жетсем, балдарымдан кайтып бактылуу эне болуп карысам, акыретке куру кол эмес, жакшы амалдарым менен барсам, кыргыз элиме арнаган жакшы ниеттеги иштерим бар эле ошолорду, ишке ашырсам. Убакыт учкан куш болду, берекесин берсе экен кудайым.                                                                                                                               

Мусулман эже синдилеринизге кааларыныз?

- Эн биринчи эле сабырдуулукту тилейм,  анан каниеттуулук, ибадаттарыбызга бекемдик, илим жана жакшы амал. Эне жашоонун башталышы, өмурдун булагы. Жерибиздин тынчтыгы, бутундугу,элибиздин ынтымагы – энелердин суту менен чонойгон азаматтарыбыздын адилдиги менен даанышмандыгынын алдында ылайым бекем коргоодо болсо экен дейм. Амин! Орозобуз кабыл болсун, эже-синдилерим.

Комментарии