"Шериктештик автобусу"

Опубликовано: 25.07.17

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Мутакалим коому тарабынан Ош жана Жалал-Абад , Баткен облустарындагы филиалдарынын мүчөлөрүнүн арасында "Шериктештик автобусу" аталган жолугушуулар болуп өттү. "Шериктештик автобусу" өзүнө чакан семинарды, тажрыйба алмашууну, жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн мүчөлөрү менен жолугушууну камтыган. Бул жолугушуу "Женщины, как мирные избиратели и в качестве кандидатов" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Мутакалимдин Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Төрөбекова Айчүрөк: "Мен "Шериктештик автобусунун" алкагында башка жактан келген кесиптештерим менен жакындан таанышып, ой-пикир алмашканыма кубанып турамын. 1-июль күнү Жалал-Абадда катышуучуларды тосуп алдык. Бул күнү түшкө чейин семинар, баарлашуу жана 3 айыл өкмөттүн: Атабеков, Таш-Булак жана Сузак мүчөлөрү менен жолугуштук. Мурун бири-бирибизди сыртыбыздан таанысак, эми жакындан таанышып отурабыз. Мен өз кезегимде аткарылган иш-чаралар тууралуу айтып бердим, тегерек стол өткөрдүк, андан соң Мутакалимдин кеңсесин көргөздүм. Келген коноктор мен тараптан да өздөрүнө пайда алды деп ишенем. Мындан ары да тыгыз байланышта болоорубузга ишенем".

Комментарии