Күйөөсү жок аялдар махрамсыз ажылыкка кантип барып жатышат?

Опубликовано: 26.07.17

Ханафи (Имам Аазам) мазхабынын өкүмү боюнча, күйөөсү жок аялдар өздөрү жалгыз ажылыкка бара алышпайт. Ал эми Шаафи мазхабы боюнча, алар аялдардын жамааты менен, ишеничтүү топтор менен барса болот. Кыргызстанда мусулмандардын баары эле ханафи мазхабын карманбайт.  Шаафи мазхабындагымусулман боордошторубуз да бар. Биз ханафи мазхабындагылар колубуздан келишинче махрам менен жөнөткөнгө аракет кылабыз. 

Экинчиден, Сауд Арабстандын ажылык министрлиги 45 жашка чейинки аялдардын бардыгынан сөзсүз түрдө махрамын талап кылып, 45 жаштан жогоркулардан махрамын талап кылышпайт. Сауд Арабстан бул жерде Шаафи мазхабын эске алган болуусу керек. Биз муфтият ичибизде ханафи мазхабы боюнча иш жүргүзгөндүктөн ошого жараша аракет кылабыз (КМДБнын фатва бөлүмү). 

Комментарии