"Мутакалим" коомунун Баткен облусундагы филиалынын өкүлчүлүгү Курман Айт майрамына масштабдуу салтанат өткөрдү.

Опубликовано: 05.09.17

"Мутакалим" коомунун Баткен облусундагы филиалынын өкүлчүлүгү Курман Айт майрамына масштабдуу салтанат өткөрдү. Топчилова Орунбүбү үй-бүлөсү менен жергиликтүү муктаж аялдар үчүн курмандыкка уй союп таратты. Мындан тышкары дагы башка эжелер кой сойдуруп, таратышкан. 
Аталган салтанатка 1000 ашуун адам катышып, келгендин баары курмандык алып кетишкен. Курман Айт майрамы Ыйык Куран окуу менен жана башка конкурстар менен коштолуп шаңдуу өткөн.

Комментарии