АКШ: окуучу кыздын жоолугун чечип салгандыгы үчүн мугалим иштен алынды

Опубликовано: 17.11.17

АКШнын Нэшвилл шаарында жалпы улуттук маанидеги чыр чыкты.

Шаардагы мектептердин биринде иштеген мугалим башка кесиптештеринин активдүү колдоосунда окуучу кыздын башынан жоолугун сыйрып ыргыткан.
Ошол учурду окуучулардын бирөөсү видеого тартып алган. Видеодо мугалим жоолук салынган окуучу кыздын коюу чачын жулмалап, жоолук салынуу үчүн ал абдан сулуу деп жаткандыгын көрсө болот. 
Бул жагымсыз көрүнүш Жаңы Гвинея Академиясынын мектебинде болгон. Мектеп жетекчилиги өз абройлуулугуна шек келтирбей, бул окуяга тиешелүү мугалимге тез арада реакця жасап, катуу чара көргөн. 
Алгачкылардан болуп бул укук бузууга Касар Абдулла (сүрөттөгү) аттуу мусулман аялдардын укуктары жана жарандык теңдик үчүн күрөшүп жүргөн укук коргоочу ММКнын жардамы менен коомчулуктун көңүлүн бурган.

Жыйынтыгында, мектеп жетекчилиги мугалимдин айлык маянасын төлөбөй туруп жумуштан айдаган жана жабыр тарткан тараптан кечирим сураган.
Жетекчиликтин расмий билдирүүсүндө: "Мектеп окуучулардын баардык диний жана маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлайт жана бул тема боюнча мугалимдер менен инструктаж өтөт"-деп айтылган.

#хижаб #мектеп #мутакалим

Комментарии