Жалпы республикалык китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды

Жалпы республикалык китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды

Опубликовано: 03.12.17

2-декабрда Мутакалим коомунда сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. 

Эскерте кетсек, 18-октябрда өспүрүм балдарга арналган "Хадистерге саякат" китебинин негизинде сынак болуп өткөн. Анда Кыргызстандын баардык аймактары боюнча 200- ашык бала катышып, китеп боюнча өз билимдерин сынап өтүштү. Алардын ичинен 58 бала сынактын баардык суроолоруна туура жооп берип финалга чыгышкан. Бирок, 10 эле орунга чоң белектер, тактап айтканда:
1-орун ПЛАЗМАЛЫК ТЕЛЕВИЗОР; 
2-орун -СМАРТФОН

3-орун -СМАРТФОН,

4-орун ҮТҮК
5-орун ҮТҮК

 6-орун Электр чайнеги

7-орун Электр чайнеги

8-орун Фен

9-орун Фен
10-орун Миксер
 коюлгандыктан, биз жеңүүчүлөрдү чучукулак жолу менен тандап алдык. Калган 48 орунга таттуулар, мектепке керектелүүчү буюмдар берилди. 

Салтанатты алып баргандар #БизКыргызстандынволонтерлору болушту. 

Сыйлыкты тапшыруу азеимнде жаш балдарды кызыктуруучу викторина, оюндар, ырлар, диний жана ата-мекенди урматтоо темаларын чагылтырган интермедиялар коштоп кетти. Мутакалимден көп жылдардан бери илимий жана материалдык жардам алып келген апалар Мутакалим коомунун жетекчиси Фронтбек кызы Жамал эжекебизге "Мыкты жетекчи" деген наамды ыйгарышты. 
Аягында, баардык катышуучуларга, колдоп берген "Ыйман" фондуна, "ТИКА" турк кызматташтык жана координация агенттигине, "Куликовский" кондитердик уйуно, жана конокторго ыраазычылык билдирилип,
фуршет уюштурулду. Атайын аталган кеченин тематикасында балдарга арналган чоң торт таркатылып, жагымдуу маанай менен кече аяктады.
#конкурсХадистерге_саякат #балдар #Мутакалим  Биринчи орундун ээси Мухаметали кызы Асия



Комментарии