"Медиа чөйрөдөгү радикализмди алдын алуу"

"Медиа чөйрөдөгү радикализмди алдын алуу"

Опубликовано: 19.02.18

«Мутакалим» коомдук уюму Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштеген журналисттерди медиа тармагындагы радикализмди алдын алуу боюнча өткөрүп жаткан тренингге чакырат. Ош жана Жалал-Абад облустарындагы журналисттер үчүн тренинг.

Ош шаарында 2018-жылдын, 12-14-март күндөрү өткөрүлөт. Ал эми Баткен облусундагыларга 16-18-мартта Баткен шаарында болот.

Тренингде: радикализм менен экстремизмди алдын алуу боюнча мыйзамдардын өзгөрүгү; диний чөйрөдө мамлекеттин саясаты, диний темаларды чагылдыруудагы этикалык нормалар; социалдык тармактарда таратылган жалган маалыматтардын конфликттерге тийгизген терс таасирлери жана коопсуздук маселелерин чагылдыруудагы жоопкерчилик деген сыяктуу суроолор каралат.

Бул тренингди өткөрүүгө кеткен бардык чыгымдарды уюштуруучу тарап мойнуна алат жана аймактардан келген катышуучулардын транспорттук чыгымдарын төлөп, жатаканасына каражат берет.

Эгер сизди бул маалымат кызыктырса, катышуу үчүн тизмеге жазылуу максатында Сыдык Эшимкулов eshimkulov79@mail.ru электрондук дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.

Тренингге катышуу үчүн талапкер резюмесин, ушул тренингдин темакасына жакын даярдалган 2 же 3 журналистикалык материалынын шилтемелерин жөнөтүш керек.

Жыйынтыгы боюнча маалыматты биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан же сайтыбыздан алса болот: http://www.mutakallim.kg/



Комментарии