Ислам - терроризмге каршы

Ислам - терроризмге каршы

Опубликовано: 05.03.18

 

 Терроризмдин дин менен байланышы бар деген пикирди жактагандар негизинен Курандагы “Каапырларды кайсы жерден тапсаңар, аларды өлтүргүлө…”     деген аятка такашат. Чындыгында, мындай аят Куранда бар, бирок ал ошол кездеги Меккенин көп кудайчылдарына (мушриктерге) карата айтылган. Бирок динге баш ийгендердин баары, христиандар да, иудейлер да ыймандуу   деп саналат. Алар мусулмандарга өтө жакын, бул жөнүндө да Куранда айтылган. Динсиз атеисттерди өлтүрүүгө да Куран чакырбайт. Ал аят Исламдын конкреттүү Мекке дооруна тийиштүү.   Мекке мушриктери мусулмандар менен алардын ажылык парзын өтөөсүнө каршылык көргөзбөйбүз деп келишим түзүшүп, бирок аны бузуп, биринчи   ажылыгын өтөөлөрүнө жол бербей, мусулмандарды ур-токмокко алганда, ушул аят түшкөн. Ошондуктан бул аят конкреттүү жагдайга жана конкреттүү   фактыларга байланыштуу.

 Чындыгында, эч бир дин зордук-зомбулукка үгүттөбөйт, үгүттөгөн болсо, демек ал дин эмес. Терорризм жана радикализмге каршы аракет кылуубуз үчүн үч   нерсени аткаруубуз керек:

биринчиден, өзүбүздүн улуттук идеологиянын үстүндө иштешибиз керек, экинчиден, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү керек, үчүнчүдөн, билим берүү деңгээлин жогорулатуубуз керек.

Ошондой эле жаштарга келечек кесибин туура тандоосуна, чечим кабыл алуусуна жардам беришибиз керек. Ушундай глобалдуу маселелер азыр мектептерде диний сабактарынын жоктугунан келип чыгууда. Диний сабаттуул укту мамлекет өзүнүн мойнуна алыш керек. Бул маселени мамлекет чечпесе, анда адамдар өзүнүн билими менен эле чечип коюшу мүмкүн . Биз андайларга бекем бөгөт коюубуз керек.

Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай: “Жамандыкты көрсөңөр колуңар менен оңдогула, колуңардын күчү жетпесе, анда тилиңер менен, анда да жетпесе, жүрөгүңөрдө кабатыр болгула. Мына ушул ыймандын эң алсыз даражасы болуп эсептелет” деп эскерткен. Эң чоң жихад деген сөздүн сөздүк мааниси – бир нерсени аткаруу, Алла Тааланын ыраазычылыгын көздөө жана ошого болгон күчүн жумшоо деген нерсени түшүндүрөт. Биз ошол нерсеге басым жасоо менен коомубузга исламды туура жеткирүү аракетин жасасак, ошондо биз терроризмди алдын алган болобуз. Натыйжа менен эмес, себептерди аныктап жана ошого жараша иш жүргүзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө психология жана социология илими, мусулмандардын көз карашында дагы заманбап жана келечекте өтө керек аныктоочу күчкө ээ илимдердин бири болуп эсептелет.

Кийинки кезде мусулман элдеринин, адамзаттын көйгөйү көбөйүп эле баратат.

Биринчиси — бул түркөйлүк, караңгылык деп аталат; экинчиси, экономикалык алсыздык, кедейлигибиз, үчүнчүсү - өз ара пикир келишпегендигибиз. Мамлекетибиздин эгемендүүлүктү алганына бир нече жыл болду. Кыргызстанда ислам дининин өнүгүшү да мына ошол жылдардан баштап эле өнүгүп келет.

Ал эми, идеалдуулукту айта турган болсок, идеалдуу инсан – бул өзүнүн коомуна, жеке өзүнө, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөсүнө зыяны тийбеген адам. Пайгамбарыбыздан дин деген эмне деп сурашканда, ал намаз, орозо, зекет, ажылык деп, эсептеген эмес. Пайгамбарыбыз дин деген – өз ара мамиле деп айткан. Жакшы мамиледе болуу, кичипейилдик, кечиримдүү болуу керек деген. Ал бул нерселерди чен-өлчөмүн ким үйрөтөт дегенде, албетте, динден үйрөнүүбүз керек деген.

Аслидин кызы Мавлюда (теолог, "Мутакалим" аялдар коомунун ишмери).



Комментарии