Радикализм маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жана диалогдук жолугушуулар

Радикализм маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жана диалогдук жолугушуулар

Опубликовано: 05.03.18

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө радикализация маселеси күч алып баштаган чагы. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Премьер-министринин Аппараты, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы жана НПОлордун партнердук катышуусунда ПРООНдун «Тынчтык жана өнүктүрүү» программасынын алкагындагы жана Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020 жж. Мамлекеттик саясаттын Концепциясынын негизинде “Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору боюнча калк арасында радикализацияны алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү көздөлгөн.

Мутакалим коому долбоордун алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү аялдар менен иштешип жатат.

Ошол себептен улам, Мутакалим коому ПРООНдун колдоосу менен 2018 жылдын 28-февралында Чүй облусунун Аламедин районунун "Келечек" конушунда, 27-февралында Ленин районунун "Ак-Ордо" конушунда жана Токмок шаарынын Мэриясында Өзүн-өзү башкаруу органдарынын, диний лидерлеринин жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда толеранттуулук, сабырдуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жана диалогдук жолугушуусун өткөрдү. Аталган жолугушууга 50- ашуун аялдар, алардын арасында медреселердин окутуучулары, аялдар комиттеринин жетекчилери, ошондой эле айрым жерлерде мечиттердин имамдары катышышты. Катышуучуларга КР Мамлекеттик Дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрү өлкөдөгү диний кырдаал боюнча, жана Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020 жж. Мамлекеттик саясаттын Концепциясы жөнүндө, Чуй облусунун казыятынын өкүлдөру Ислам дининин диндер арасында болгон көз карашы, жана "Мутакалим" коомунун төрайымы Фронтбек кызы Жамал “Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору боюнча калк арасында бири-бирин урматтоо тууралуу маалымат берди.
Андан соң "Толеранттуулук" боюнча эки кыска метраждуу видеороликтери көрсөтүлүп, ролик талкууга алынды. кээ бирөөлөр каршы пикирин айтса, кээ бирөөсү колдогон пикирлерин билдиришти. Аялдар жана кыздар үчүн "Радикализмди алдын алуу" боюнча атайын чыгарылган практикалык колдонмо таратылды. Эң аягында дин жаатында жергиликтүү активдүү айымдарга "Ыраазычылык каттар" тапшырылып, жолугушуу аякталды.

 

"Келечек" конушу "Той-Ордо" мейманканасы

Токмок шаары, Мэрия. 28-февраль, 2018

 



Комментарии