Диалогдук жолугушуу

Диалогдук жолугушуу

Опубликовано: 06.03.18

Мутакалим коому 2018 жылдын 05-мартында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Ак-Терек айылында аталган айылдын Өзүн-өзү башкаруу органдарынын, диний лидерлеринин жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда толеранттуулук, сабырдуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жана диалогдук жолугушуусун өткөрдү. Аталган жолугушууга 50- нун тегерегинде аялдар, алардын арасында Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков ажы, имамы катышты. Ак-Терек айылынын айыл өкмөту орун басары Абдылдаев Жалилбек жана айыл өкмөтунун депутаттары катышышты.
Жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал боюнча, жана Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020 жж. Мамлекеттик саясаттын Концепциясы жөнүндө сөз жүруп, Ысык-Көл облусунун казысы Ислам дининин диндер арасында болгон көз карашы, жана "Мутакалим" коомунун төрайымы Фронтбек кызы Жамал “Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоору боюнча калк арасында бири-бирин урматтоо тууралуу маалымат берди.
Андан соң "Толеранттуулук" боюнча эки кыска метраждуу видеороликтери көрсөтүлүп, ролик талкууга алынды. кээ бирөөлөр каршы пикирин айтса, кээ бирөөсү колдогон пикирлерин билдиришти. "Аялдар жана кыздар тынчтыкты өткөрүчүлөр" аттуу долбоордун негизинде атайын аялдар жана кыздар учун басып чыгарылган практикалык колдонмо таратылды. Эң аягында дин жаатында жергиликтүү активдүү айымдарга жана мырзаларга "Ыраазычылык каттар" тапшырылып, жолугушуу аякталды.
#Мутакалим



Комментарии