Аял – бейпилдиктин тиреги (дискуссия)

Аял – бейпилдиктин тиреги (дискуссия)

Опубликовано: 02.04.18

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар тарабында Ислам дини наалат айткан, канчалаган адамдар жабыр тарткан терроризм жана радикализмдин кесепетинен дүйнөнүн өтө көйгөлүү маселелеринин бирине айланды. Тыюу салынган уюмдарга кээ бир атуулдарыбыз маалыматтын туура эместигинен киришсе, кээлери такыр эле бул маселеде так түшүнүктөрүнүн жоктугунан кирип жатышат.

Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы жана ПРООНдун жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча (2016-жыл, 20-сентябрь) калк арасында радикализацияны алдын-алуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып, Кыргызстанда диний жаатта 2014-2020 жж. Мамлекеттик саясаттын Концепциясы кабыл алынган.

Мутакалим коому ПРООНдун колдоосунда “Кыздар жана аялдар тынчтыктын өткөрүүчүлөрү жана радикализацияны жок кылуучулар” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү аялдар менен иштешип жатат. Жакында Мутакалим коомунун жетекчисинин орун басары Масеитова Изаура, Мутакалимде көп жылдардан бери Степное айылындагы аялдар абагында ыйман жана Курандан сабак берген Дүйшеева Каныгуль, ошондой эле аталган коомдо мектеп жашындагы балдар-кыздарга ыйман жана адеп сабактары боюнча мугалими Жайлообекова Жылдыз менен жогоруда аталган теманын алкагында маек курдук.

- Сиздердин коом аялдар жана жаш жеткинчектер менен тыгыз иштешип келесиздер, учурда радикализм, терроризм жана экстремизмди алдын-алуу боюнча кандай иш-чараларды өткөрүп жатасыңар?

Масеитова И.: Терроризм, экстремизм жана радикализмди алдын-алуу үчүн биз биринчи эле диний билимин жогорулатуу маселесине басым жасайбыз, анткени илимдүү, билимдүү адамдар эч качан четтен чыкпайт. Исламда сабырдуул

ук бар, Ислам дини билим алууга, адептүүлүккө, түз жүрүүгө, адамдын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүн колдогон, кайрымдуулукка чакырган дин. Андыктан, биз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша атуулдарыбызга Исламдагы руханий баалуулуктарды жеткирүүгө басым жасайбыз. Аял бейпил турмушту курууда чоң роль ойнойт. “Эркекти тарбияласаң, бир адамды тарбиялайсың, ал эми аялды тарбияласаң, бүтүндөй келечек муунду тарбиялайсың” – деген акылман кеп буга толук далил.

Дүйшеева К.: Мен көп жылдан бери аялдарга Куран жана ыйман боюнча сабак берип келем. Бул маселе өтө көйгөйлүү, ошондуктан сабак өтүү учурунда бул маселеге көбүрөөк токтолуп, конкреттүү маалыматтарды түшүндүрүүгө аракеттенем. Жогоруда айтылгандай, сабак учурунда мамлекет тарабынан кабыл алынган Мамлекеттик Концепциянын негизин түзгөн олуттуу маселелерди аудиториябызга түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Угуучуларыбыздын радикализм маселесинин тегерегиндеги ар кыл суроолоруна, түшүнбөстүктөрүн аяттардын жана хадистердин негизинде ынанымдуу жооптор менен түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Белгилей кетүүчү жагдай - биз абактагы аялдар менен ишибизди 2003-жылдан бери алып баруудабыз. Кубанычтуусу, абактагылардын арасынан, тартиби жакшы жакка өзгөрүп, мөөнөтүнө мурда

амнистияга чыккандар бар. Биз алардын жашоо-шарты оор болсо, жакындан жардам берип, жумушу жокторго жумуш

 таап иштеп кетишине жана реабилитациясына көмөк көрсөтөбүз.

Масеитова И.: Тагыраак айтканда, аларга жума сайын диний сабактар, тренингдерди өткөрүп турабыз. Ошондой эле биздин окутуу борборундагы жалпы эле аялдарга жана кыздарга Ислам негиздери боюнча курстар ачылган, 2 айда бир ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгы менен биргеликте лекцияларды өткөрүп турабыз. Мындан сырткары, ай сайын ар кандай пайдалуу конкурстарды өткөрүп, аларга азык-түлүк ж.б. гуманитардык жардам көрсөтүп келебиз.

 

Жылдыз, айтыңызчы, Сиз, Түркияда да эмгектенип келген, жана жаш балдар-кыздар менен тыгыз иштешип келаткан тажрыйбалуу мугалим катары, радикализм маселеси биздин өлкөгө салыштырмалуу Түркияда айырмачылыгы кандай?

Жайлообекова Ж.: Түркия менен албетте, салыштыруу кыйын. Анткени Түркияда көптөгөн ар кыл улуттагылар бар. Андыктан ар бир жарандын көз карашы ар башка. Бир эле пикирдин айланасында ар кандай көз караштар, пикирлер бар, алардын арасында аша чапкандар көп. Кыргызстанда дагы радикализмге каршы тиешелүү мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар күрөшүп келүүдө. Бирок, тилекке каршы, дагы деле бул маселе орчундуу маселелердин катарында экендиги өкүндүрөт.

 

2014-жылы кабыл алынган Диний жаатта Мамлекеттик саясаттын Концепциясынын алкагында кандай иш-чараларды өткөрүп жатасыңар?

Масеитова И.: Айтылган Концепцияга ылайык биздин коом ПРООНдун колдоосунда “Аялдар жана кыздар тынчтыктын жана коопсуздуктун өткөрүүчүлөрү” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү бийилик, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, дин кызматкерлеринин жана жергиликтүү активисттердин катышуусунда окуп-үйрөтүү тренингдери өткөрүлдү. Аталган тренингде катышуучуларга радикализм маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Бул иш-чаралар Мамлекеттик Дин комиссиясынын өкүлү, ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ишке ашты. Мындан тышкары, жакында эле биз Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын журналисттери үчүн 3 күндүк “ММК алкагында радикализмди алдын-алуу” аталган тренинг өткөрдүк. Бул тренингге 30 ашуун журналисттер катышып, керектүү маалыматтарды алышты.

Деги, кандай жол менен бул көйгөйлүү маселеге чекит кое алабыз?

Дүйшеева К.: Менин жеке оюмча, тыюу салынган уюмдарга кирген аялдардын көпчүлүгүнүн Ислам дини тууралуу түшүнүгү жок, ча

ла, билимсиз молдо сымалдардын такталбаган маалыматтарын кабыл алып, келечек жашоосуна балта чаап алышкан учурлар жок эмес. Ар бир атуул акыл-сезимдерине кандайдыр-бир чындыкка коошпогон, шек санай турган маалыматтарды угаары менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына дароо кайрылышып, чындыгын тактоолору шарт.

Жайлообекова Ж.: Эң башкысы жаш балдарга азыртадан туура тарбия берүү биздин мусулмандык парзыбыз. Тарбияны ата-энесинен, окуткан агай-эжелеринен болсо, таасирдүү болот. Экинчиден, өспүрүмдөрдүн бош убактыларын өткөрүүсүн көзөмөлдөп, алардын пайдалуу иштер менен алектенишине кам көрүшүбүз керек. Биринчи кезекте, аларды жөндөм каалоолоруна ылайык ар кандай спорт ийримдерге катыштырып, кошумча чет тилдерди үйрөнүшүнө көмөктөшүбүз керек. Анткени бүгүнкү келечек ээлери бош убактыларын туура пайдаланганды билишпей, компьютердик оюндарга жык толгон социадык тармактарга кирип, андагы акыл-сезимге, калыптануусуна терс таасирин тийгизген туура эмес маалыматтарды кабыл алгандар да жок эмес. Өткөн жылы кабыл алынган мамлекеттик Концепциянын негизинде 56 орто мектептерде Диндердин тарыхы боюнча сабактар окутулуп жатат. Биз балдарга сабак берүү программабыздын өзөгүн окуучуларыбыздын Мекенди сүйүү, адеп, ыймандуулукту бекем тутуу, алардын патриоттук сезимдерин жаш кезинен ойготуу программасы түзөт. Учурда алар толук ишке ашырылып келет.

Масеитова И.: Аталган тема боюнча социалдык видео роликтерди тартып калкка жайылтуубуз керек. Мындан тышкары, дин таануучу, Мамлекеттик Дин комиссиясынын өкүлдөрүнөн, Кыргызстан мусулмандарынын

 Дин башкармалыгынан жана ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте элге, туура жана так маалымат берүү үчүн теле-гезиттер менен байланышты бекемдеп, бул жагдайда маалыматтарды байма-бай берүүнү колго алуубуз керек. Бул өтө орчундуу, зарыл маселе. Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгындагы ачылган, бирок толук кандуу иштей албай жаткан Аялдар бөлүмүн тезирээк жандандыруу, бүгүнкү күндүн талабы. Бул олуттуу маселени ишке ашырууда айыл-аймактардагы аялдар менен тыгыз байланышты бекемдеп, аларды да аталган маселеге тартуубуз керек.

Сиздердин коомго башка маселелер менен кайрылгандар бардыр?

Жайлообекова Ж.: Биз сабак берип, абакатагы аялдар менен иштешүүдөн, ар кандай окутуу курстарын өткөрүүдөн тышкары, бизде квалификациялуу юрист жана психолог кызмат көрсөтүшөт, албетте акысыз түрдө. Кайрылгандардын көпчүлүгү аялдар. Алардын арасында мүмкүнчүлүгү жоктор болсо, биздин юрист ал адамдын иши бүткүчө акысыз кызмат көрсөтүп, жардам берет.



Комментарии