10-11- класстын окуучуларын радикализмден сактоо – учур талабы

10-11- класстын окуучуларын радикализмден сактоо – учур талабы

Опубликовано: 17.04.18

Садиллаева Ырыс

2014- жылы Кыргызстанда диний жаатта кабыл алынган Мамлекеттик Концепциянын негизинде Мамлекеттик Дин комиссиясы тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынын орто мектептеринин 9-классынын окуучуларына «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатат. Азыркы учурда аталган долбоордун 2- этабы иштелүүдө.

Бүгүнкү күндө радикализм маселеси өтө курч турган проблемалардын бири экендигин дүйнөлүк басылмалар аркылуу берилип жаткан маалыматтар тастыктап келет.

Мутакалим коому 2000-жылдардан тарта мектеп окуучулары жана алардын апаларына ыйман жана адеп боюнча сабак өткөрүп келет. Жогоруда белгиленген жылдардан бери мектеп окуучулары арасында Мекенге болгон сүйүүнү бекемдеп, ал эми 10-11-класстарынын окуучуларына ИИМдин Онунчу башкы башкрамалыгынын кызматкерлери менен атайын лекцияларды өткөрүп, интернет айдыңында жана коомчулукта радикализмдин белгилери тууралуу маалымат берилүүдө. Атуулдарыбыз кандай гана талаш-тартыш маселелер болбосун, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына кайрылып, суроолоруна ынанымдуу жоопторду алышаарын билүүлөрү керек.

Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Динде ортолукту сактагыла” – деген хадиси радикализмдин динге тиешеси жок экендигин тастыктаган хадис десем жаңылышпайм. Себеби, радикализм - чектен чыгуу, аша чабуулук дегенди түшүндүрсө, жогорудагы хадис Ислам дини радикализмге жана терроризмге каршы экендигин айтып турат.

Өспүрүмдөрдүн кабыл алуусу алда канча өрчүгөндүктөн, баштапкы маалыматты туура жана так берүүгө аракеттенүүбүз керек.

2017-жылда ИИМдин берген маалыматына ылайык, ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаабыз Бишкекте жайгашкан  №3, 59 жана 79 орто мектептеринин 10-11 кыласстын окуучуларына, жаштар арасында экстремизм, терроризм, радикализм, жарандык жана социалдык жоопкерчилик темалары боюнча бир катар лекцияларды жана түшүндүүрү иштерин жүргүзүштү.
Мындан сырткары, бул иш-чаралардын жүрүшүндө  окуучулар тарабынан, экстремизм, терроризм, радикализм, жарандык жана социалдык жоопкерчилик боюнча берилген ар түрдүү суроолорго да тийиштүү органдын кызматкерлер тарабынан жооп берилди.
 

 Бүгүнкү күндө окуучулардын көпчүлүгүнүн интернет колдонууларына мүмкүнчүлүктөрү бар, ошол себептен ата-энелер да мугалимдер менен тыгыз мамиледе иштешип, окуучунун эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлгө алуусу шарт. Себеби, радикализмдин жайылуусунун жолдорунун бири – интернет айдыңы, башкача айтканда, социалдык тармактар аркылуу жашыруун даректер менен чыгып, элди азгырып жаткан фактылар арбып бараткандай. 

 



Комментарии