КМДБ радикализацияны алдын-алуу боюнча кандай көз карашта?

КМДБ радикализацияны алдын-алуу боюнча кандай көз карашта?

Опубликовано: 08.05.18

 Надира Байышева

Албетте, радикализация дүйнө жүзүндө курч турган маселелердин бири. Ал эми ушул маселени алдын-алууда жана ушул жаатта кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан маалымат алууну туура көрдүк.

КМДБ радикализацияны алдын-алуу боюнча кандай көз карашта?

Радикалдашуунун алдын-алуу жана болтурбоо боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз

 

Өлкөдө радикализацияны жок кылуу иш-чарасына Кыргшызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы эмне кылууда?

КМДБ Ханафий мазхабынын сунний акыйданын негизинде коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 

Сиздин оюңузча жаш балдардын, аялдардын жана эркектердин радикализациялык топторго кирип кетүүсүндө кандайдыр бир өзгөчөлүктөр барбы? Эгерде бар болсо, алар эмнеге байланыштуу?

 

Өлкөбүздөгү кээ бир жарандардын радикалдык мүнөздөргө азгырылуусу жана топторго кирүүсү интернет айдыңында туура эмесмаалыматтарды жана тааныбаган устаттарды ээрчүүдө деп ойлойбуз.

 

Радикализацияны алдын-алууда жана жок кылууда өлкөдөгү аялдардын активдүү катышуусуна көмөк көрсөтө турган жана колдоно турган атайын ченемдер барбы? Алар кайсылар?

Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин сөзсүз түрдө ченемдер көрсөтүлөт жана ошолор боюнча иш жүргүзүлөт.

(Суроолорго КМДБнын үгүт жана насаат бөлүмү жооп берди )



Комментарии