2018-жылдын жай айларында Мутакалим коому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевнанын облустардагы карапайым калк менен жолугушуусуна өбөлгө түзүп берген.
Жолугушууларда жергиликтүү жашоочулардын арыз-муңдары парламенттин өкүлүнүн көңүлүн бурдуруп, кээ бир маселеле жеринен чечилсе, кээлери келечекте чечилээрине убадалар берилген.
Алардын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга татыктуу шарттарды түзүп берүү, айымдардын жетектөөчү орундарды ээлөө маанилүүлүгү ж.б.


Албетте, айымдардын мамлекеттеги жетектөөчү орундарда болуусу — маанилүү факторлордун бири, анткени коомдун, жаш балдардын, айымдардын жана үй-бүлөнүн маселелери тууралуу айымдар жакшыраак билишет жана ал көйгөйлөргө айымдар жакыныраак десек жаңылышпайбыз.
16-январда «Дин тутуу эркиндиги күнү» менен биргеликте Мутакалим коому 20 жылдык мааракесин майрамдоосунун алгачкы иш-чарасын баштаган. Салтанатта Алтыбаева Айнуру Тойчиевна айымдардын укугун коргоодо салым кошкондугу үчүн жыл сайын тапшырылып туруучу сыйлыкка татып, Мутакалим коомунун 20 жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.

ЖК депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна айымдардын укугун коргоодо салым кошкондугу үчүн сыйлыкка ээ болду