4-5 февраль 2020 ж. Имам, диний кызматкерлер үчүн КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КР ДИМК, КМДБ, ЮНФПА жана Мутакалим коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Эне ден соолугу — улут ден соолугу» аталган тегерек стол өтүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө аялзатынын саламаттыгы тууралуу маселелер көтөрүлүп,керектүү маалыматтар берилүүдө. Албетте, аялдын ден соолугу бул бүткүл коомчулук талкуулай турган маселе, ошондуктан бул жаатта диний кызматкерлер да калк менен тыгыз иштешип жаткан соң чоң роль ойнойт. Ошондуктан бул тегерек столдо эненин ден соолугу тууралуу маселе көтөрүлүп жатат.

ЭНЕ ДЕН СООЛУГУ — УЛУТ ДЕН СООЛУГУ

5-февралда Бишкек шаарында мусулман лидер айымдары үчүн «Эне ден соолугу — улут ден соолугу» аталган тегерек стол өтүүдө. Тегерек стол КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КР ДИМК, КМДБ өкүлдөрүнүн катышуусунда ЮНФПА жана «Мутакалим» АПКБ уюштуруусунда өтүлүүдө.
Албетте, бул маселе түздөн- түз энелерге, эже- сиңдилерге тиешелүү нерсе. Энелерибиз өз ден соолугуна кам көрсө, калктын келечеги жаркын жана дени сак болот.

ЭНЕ ДЕН СООЛУГУ — УЛУТ ДЕН СООЛУГУ.

Добавить комментарий