22.09.2019. Ош шаарында Жалал –Абад, Баткен, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Араван райондорунан келген имамдар, атынча аялдар жана дин лидерлерине тренинг болуп өттү.
Тренинге 25 тен ашык имамдар менен дин лидерлеринин катышуусунда болуп эмдөө боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Иш- чаранын башында КР ДИМК директору З. Эргешов сөз алып, мамлекет элинин ден –соолугу үчүн кам көрөөрүн белгиледи: «Эми өзүнүздөр билесиздер акыркы жылдары мына ушул эмдөө маселесине байланышкан бир топ суроолор, талаш маселелер жаралууда. Биринчиден ар бир мамлекет өзүнүн жарандарынын ден-соолугу үчүн кам көрүшү керек. Биз барыбыз мамлекеттин жарандары болуп эсептелгенден кийин мамлекеттеги мыйзамдарга, мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн багыттарга моюн сунушубуз керек .Өзүнүздөр билесиздер, баш мыйзамыбыз конституцияда адамдын өмүрү, жашоосу мыйзам тарабынын жана мамлекет тарабынан корголот деп келген. Демек биздин мамлекетте атайын саламаттыкты сактоо министирлиги бар. Мамалекет тарабынан казынадан ар бир жарандын ден-соолугу, өзгөчө жаш балдардын ден-соолугу учун акча каражаты бөлүнөт. Эгер мамлекет өзүнүн жарандарынын саламаттыгын сактабаса, анда ал мамлекет боло албайт.»

Тренингге катышкан Дилоро апа тренингдин абдан жакшы өткөнүн айтып: «Бугун эмдөө боюнча тренингге келдим . Буга чейин да катышкан элем бирок бүгүн өзүнүн ишин абдан жакшы билген иммунолог келиптир жакшы тушунуп, башыбыздан өткөндөрдү эстеп отурдум. Кызамыктан 3-5 баласы болсо биринин артынан бири өтүп кеткендерди, шал оорусунан буттары баспай калгандарды, дифтериядан өлүп кеткендерди өз көзум менен көргөнмүн. Эми прививкаларды алып тургандын себебинен ушул оорулар жок болду» деди.

Атынча аялдар жана дин лидерлерине тренинг болуп өттү.

Добавить комментарий