18.09.2019. Бишкек шаарындагы «Soluxe» отелинде Нарындан, Таластан, Канттан жана борбор шаарыбыздан келген, имамдар менен дин лидерлерине эмдөө боюнча тренинг болду. Катышуучулар ушул тренингди уюштурган «Мутакалим» АПКБ менен Кыргыз Республикасынын ДИМК жана БУУ (UNICEF) Балдар фондуна ыраазычылыктарын билдирип, дагы көбүрөөк ушундай иш-чаралар болуусун суранып кетишти.
«Хисса Бинт Зайд» аялдарды өнөктүрүү борборунун жетекчиси Айнагул Омурзакова: «Чындыгында буга чейин көбүнчө аялдар , энелер эмдөөгө каршы көз карашта жашап келишкен. Буга негизги себеп болуп туура маалыматтын жетишсиздиги жана педиатр, медиктердин бул маселеде биз менен ачык сүйлөшпөгөндугу. Ал эми бүгүн ушул тренингдин жүрүшүндө көп суроолорго жооп ала алдык. Чындыгында эмдөөнүн канчалык зарылдыгы жана эмдөөнүн зыяны же эмдөө албасак балдарыбыздын ден –соолугуна келечекте кандай зыян болот? Ушул маселелер абдан ачыкталды.»
Айчурек Борукеева-журналист: «Вакцина маселесине көптөн бери кылдат байкоо салып келем. Мутакалим» АПКБ менен Кыргыз Республикасынын ДИМК жана БУУ (UNICEF) биргеликте жакшы иш-чара уюштурушуптур. Бул өтө жакшы агартуучу иш болду, билбегендерибиз дагы көп экенин ачыктап отурабыз. Биз билебиз кызамык эмне экенин, кызылча кандай экенин, бирок унутта калган оорулар бар. Ошолорго карата жүргүзгөн вакциналардын себебинен замандын өзгөрүшү жылдардын алмашуусу менен жоголуп кеткендигин билебиз. Ошол оорулардын таякчалары качандыр бир кезде кайрадан козголуп адамзатына мушкул, алааматты алып келээрин көпчүлүк учурда эсибизден чыгарып коебуз. Ушул себептен мындай иш-чаралар маалыматты толуктап, оорулардын алдын алганга жардам берип жатат десек болот.»

Нарындан, Таластан, Канттан жана борбор шаарыбыздан келген, имамдар менен дин лидерлерине эмдөө боюнча тренинг болду.

Добавить комментарий