29.10.19 г.

Бүгүн мусулмандар үчүн өтө маанилүү болгон улуу бир айга кирип отурабыз. Бул — рабиъул аввал айы. Ислам тарыхындагы ушул айда мусулмандардын жашоосундагы эң маанилүү окуя болгон, Аллахтын жараткандарынын арасынан эң жакшысы, биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи васаллам бул дүйнөгө келген эле.
 Рабиъул аввал ушундай бир ай, Адамзатка эки дүйнө бакыт-таалайын камсыздоочу, ислам динин толук кылып, илахий таалимдерди алып келген, бүткүл ааламдарга рахмат кылып жиберилген Мухаммад саллаллоху алайхи васалламдын туулган айы.
 Ушул улуу айда мусулмандар үчүн өтө маанилүү болгон башка окуялар да болгон.

Алар:
⏺️Пайгамбарыбыздын Меккеден Мадинага көчүүсү;
⏺️Пайгамбарыбыз алайхис саламдын кызы Рукаййанын төрөлүшү;
⏺️Биринчи мечиттин курулушу жана биринчи жума намаздын окулушу.
????Сүйүктүү пайгамбарыбыздын төрөлүүсү, адам заты үчүн Аллахтан келген чоң бир райымы десек болот. «Пайгамбарлар» деген сүрөөнүн 107 аятында төмөнкүчө кабар берет. «Биз сени бүткүл ааламга мээрим катары жибердик»
????Ушул себептен рабиъул аввал Аллах Тааланы мактоолор жана Аллах Таалама шүгүр кылуу, айы. Бул айда пайгамбарыбыздын өмүр таржымалын окуп, ага көптөгөн салаваттарды айтуу зарыл. Аллахым өзү да «Азхаб» сүрөөсүнүн 56 аятында «Чынында, Алла жана анын периштелери пайгамбарга салават айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага чын көңүлдөн салават айткыла» дебеди беле.
????Ушул айды өзүңүз үчүн өзгөчө ай кылып пайгамбарыбыз алайхис саламдын өмүр баянын, анын сапаттарын жана хадистерин окуп, ага көп- көп салават айтып ибадатты көбөйтүп анын сүннөттөрүн тирилтиниздер. ????Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи васалламдын эстеп, ал затка салават жана саламдар жиберебиз, Аллах Тааладан бул дүйнөдө ал затка ээрчип жашоо насип этүүсүн, түбөлүктүү дүйнөдө Өзүнүн ыраазылыгына жана Расулунун шапаатына насип кылуусун сурайбыз. Амийн!
????Урматтуу мусулмандар кирип келген рабиъул аввал айыныздар Мубарек болсун!

Рабиъул аввал айы.

Добавить комментарий