09.10.19
Бугун «City Hotel» мейманканасында «Үй-бүлөөнү ирээттештирүү — адам укугу» деген темада тегерек стол болуп өттү.
Бул иш-чараны ДИМК, КАПС, ЮНФПА жана «Мутакалим» АПКБ биргеликте уюштурушкан.
Тегерек столго Чүй облусунун имамдары катышышты.
Жыйындын ачылышында БУУ нун Калкты жайгаштыруу фондунун аткаруучу өкүлү (ЮНФПА)М.Б. Өмүрзаков, КР ДИМКнын директору З.Ж. Эргешов, «Мутакалим» АПКБнин төрайымы Фронтбек кызы Жамал сөз алышып, бул теманын зарылдуулугун жана биримдикте иш алып баруу керектигин белгилешип, тегерек столдун ийгиликтүү өтүүсүн каалашты.
 Тегерек столдун жүрүшүндө «КР үй- бүлөөнү пландаштыруу боюнча жалпы абал» деген темада «Үй- бүлөөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомунун директору Б.Б. Бозгорпоева презентация, КМДБ нын фатва бөлүмүнүн башчысы Р. Эратов «Репродуктивдик ден-соолук жана Ислам» деген темада доклад окуду.
Ал эми тегерек столдун соңунда имамдардын ден-соолук боюнча суроолоруна врач, уролог, андролог Н.Эстебесов жооп берди.

«Үй-бүлөөнү ирээттештирүү — адам укугу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Добавить комментарий