Мутакаллим коому мына 20 эыл5дан ашуун коомдун аз камсыз болгон, жетим-жесирдер менен тыгыз иштеп келатат.

Кыргызстанда курч абал болуп, иштегендер ишин токтотуп, окугандар окуусун токтотууга аргасыз болушту. Албетте, мындай учурда күнүмдүк оокатына акча таап иштеген адамдар, анын ичинде жетим- жесирлердин үй-бүлөсү жабыр тартат.

Мутакаллим коому Исар кайрымдуулук фонду менен биргеликте сабак алып жүргөн жетим балдар үчүн Кыргызстан боюнча 1 кап ун жана өсүмдүк майын таркатуу акциясын баштады.
Алгач, бүгүн Бишкек шаарындагы апалар жардамдарын алышты. Ал эми эртеңден баштап Кыргызстан боюнча таркатылып баштайт.

АРАВАНДАГЫ КАЙРЫМДУУЛУК

Мутакаллим коомунун Ош облусунун Араван районундагы филиалынын жетекчиси Хамракулова Диларам апа тарабынан муктаж үй бүлөлөргө кайрымдуулук кылуу демилгесин көтөрүп ал колдоого алынган.

Жергиликтүү жашоочулардын арасынан эле демөөрчүлөр колунан келген акча каражаттарын чогултушуп
14 үй бүлөгө 1 каптан ун жана өсүмдүк майы таркатылган. Ошол менен эле бирге операция болгон 2 балага 12 000 сомдон, жакыр жашаган үй бүлөгө 2000 сомдон акча таркатылды.
Мутакаллим коому Исар кайрымдуулук фонду менен биргеликте Алай районунун Гүлчө айылындагы 41 үй бүлөгө 1 каптан ун таркатты .

КЫЙЫН УЧУРДА ЖАРДАМ КОЛУН СУНУУ.

Добавить комментарий