Дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү апаат көпчүлүктүн үрөйүн учуруп, ойго салып турат. Өлкөбүз үчүн да оңой эмес күндөр болууда.  Анткени абалдан пайдаланып ою түз эместер башаламандыкка жол ачууда. Бийликтин көргөзгөн эрежелерин бирөөсү сактаса, экинчиси сактабай кайдыгер мамиле кылып жатат.

Мындай учурда калктын биримдиги, тартипти катуу сактоосу зарыл. Төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, сиздер бул балээнин жайылышын токтотууга салым кошо аласыздар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген кеңештери боюнча:

✅Колду кылдаттык менен тез- тезден жууп туруу керек;

✅Коомдук жайлардагы адамдар аралыгы 1 метрден кем эмес болуу керек жана кол алып учурашуудан кармануу;

✅Мүмкүнчүлүк болсо, оозду, көздү, бетти кол менен кармабоо;

✅Респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жүз аарчы менен жаап туруу;

✅Жөтөл, жогорку температура, дем алуу кыйындыгы пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылуу;

✅Акыркы медициналык маалыматтарга көз салып туруу жана медициналык кызматкерлердин берген кеңештерин аткаруу.

✅Колдон келсе, балдар  менен коомдук жайларга баруудан кармануу.

Мына урматтуу мекендештер, эрежелер эң жөнөкөй, ар бир жарандын колунан келе турган амалдар.

Учурдан пайдаланып Мутакаллим уюмунун жалпы жамааты да мекендештерибизди эрежелерди так сактоого чакырып, башаламандыкка алдырбоону суранат. Карантин учурунда үйдө отуруп амалдарды аткарып, эл жерибиз үчүн тынчтык, саламаттык тилеп, ыйманды күчөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.

Оорубаңыздар!!!

Урматтуу жердештер, момун-мусулмандар!

Добавить комментарий