Ушул жылдын 19 январында #Мутакалим аялдар коому Ак-Ордо, Ак Өргө, Арча-Бешик, Ала-Тоо 1, Ак -Босого, Рухий-Мурас жаңы конуштарынан алтыдан лидер айымдарды топтоп, аларга «Аялдарды жергиликтүү саясатта жылдыруу» темасында тренинг өтүп берди. Бул тренингде талапкерлердин укугун, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө, КР жергиликтүү кеңешинде аялдардын катышуусу, жергиликтүү жамааттагы аялдардын көйгөйлөрү, шайлоо процессинин кемчиликтери, лидер аялдарды саясатта жылдыруу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ар бир конуштун айым дары өтө активдүү деңгээлде катышып, өздөрүнүн суроолоруна жооп табышту деген максаттабыз жана баардык катышуучуларга терен ыраазычылык билдиребиз!
Тренерлер: Жамал Фронтбек кызы жана Гульжамал Султаналиева

Аялдарды жергиликтүү саясатта жылдыруу