14.09.2019. Бишкек шаарында имамдар менен дин лидерлерине иммундаштыруу боюнча тренинг болуп өттү.
Алгач эле жамаат бири-бири менен короого чыгып оюн аркылуу таанышып, катышуучулар өздөрүн эркин сезип калгандан кийин, тренер аларга баракчаларды таратып тренингден эмнени күтүүшөөрүн жана эмнеден кооптоноорун тоголок кат түрүндө жаздырып алды. Катышуучулардын күтүүлөрү мнен кооптонулары төмөнөгүчө болду:
• Вакцина боюнча туура, так маалымат;
• Кайсыл вакцина балага коопту?;
• Мурунку СССРдин убагындагы вакцина менен азыркы вакцинанын сапаты;
• Балага терс таасиринен кооптонуу;
• Курамы.
Тренер — А. Сулайманова ар биринин суроолоруна шашпай токтолуп түшүндүрүп берди.
Ал эми КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов көпчүлүктү кызыктырган эмдөө боюнча муфтияттын фатвасын (чечим) жарыялап, элдерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
№8- эмдөө боюнча Кыргызстан Аалымдар кеӊешинин фатвсы: «Исламдын принциптерине жараша эмдөөнүн курамында арам болгон (нажасатул айн, мисалы чочконун кайсы бир бөлүгүнүн аралашуусу) жана башка тыюу салынган заттар болбоого тийиш. Себеби сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) айткан: “Алла Таала дартты да дабаны да жөнөткөн. Ар бир дарт үчүн дабаны да жөнөткөн. Ошондуктан даарылангыла (бирок) арам менен даарыланбагыла”, (Абу Дауд 3874)
إن الله أنزل الداء والدواء، وجعل لكل داء دواء فتداووا ولا تداووا بحرام
Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан, тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, ошол эле учурда эмдөө тууралуу айткан кошуна өлкөлөрдүн жана башка батыш өлкөлөрүндөгү кээ бир белгилүү окумуштуулардын илимий пикирлерине ынанаарлык жооп берилген учурда, жоопкерчиликүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан эмдөө боюнча зыяны жок деген тастыктоо болсо, эмдетүүгө исламда каршылык жок. Эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактайбыз.
Ал эми Ханафий мазхабында тыюу салынган нерселер менен дарылануу төмөндөгү шарттардын баары табылганда гана уруксат берилет:
1. Зарыл болгон учурда
2. Оорунун дарылануусуна альтернативасы жок болгон учурда
3. Ооруга шыпаа болоору атайын күчтүү (профессионал) адистер тарабынан белгилүү болгон учурда
وشرط الحنفية لجواز التداوي بالنجس والمحرم أن يعلم أن فيه شفاء، ولا يجد دواء غيره، قالوا: وما قيل إن الاستشفاء بالحرام حرام غير مجرى على إطلاقه، وإن الاستشفاء بالحرام إنما لا يجوز إذا لم يعلم أن فيه شفاء، أما إذا علم، وليس له دواء غيره، فيجوز» Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши
19-февраль, 2019-жыл.
Тренингдин жыйынтыгында келген катышуучулар өз ойлорун айтышып, уюштуруучуларга ыраачылыктарын билдиришти.

Имамдар менен дин лидерлерине иммундаштыруу боюнча тренинг болуп өттү.

Добавить комментарий