04.09.2019. Токмок шаарында «Иммундаштыруу: мамлекеттик жана диний уюмдардын бирдиктүү иш алып баруусу» деген темада тегерек стол болуп өттү.
✨Азыркы учурда эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп коомубузга жугуштуу оорулардын кайра баш көтөрүүсуүнө түрткү болуу коркунучу турат. Баш тартуулардын бирден бир себеби болуп интернет айдыңында иммундаштыруу боюнча ар кандай терс маалыматтардын таркалып жаткандыгы десек болот. Буткул Дуйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) аныктамасы боюнча эмдөөлөр жугуштуу оорулардан, жана алардын келип чыккан кесепеттерин алдын алууда эӊ жакшы каражат деп эсептешет.
✨Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Мутакалим» АПКБ менен Кыргыз Республикасынын ДИМК биригип БУУ (UNICEF) Балдар фондунун техникалык жактан колдоосу менен «Иммундаштыруу боюнча суроолорду, диний чөйрөгө түшүндүрүү жолдору менен жеткируу» деген долбоордун үстүндө Кыргызстандын бардык областарынында тегерек стол, тренингдер өткөрүлүүдө. Долбоордун негизги максаты, жаш наристелердин ден-соолугу үчүн сапаттуу кызмат көргөзүүдө, медициналык борборлорго келе албагандарга барып жардамдашууда, ата-энелерге жана баланы өз көзөмөлүнө алган адамга, балдарга камкор болууда кандай мамиле кылууну үйрөтүүдө ,өзгөчө көӊүл бурууга муктаж болгон өспүрүм балдар,кыздарга көӊүл бурууда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине көмөктөшүү болуп саналат.
✨Кыргызстанда акыркы убакта эмдөө маселеси абдан курч турган кези. Коомубузда эмдөөдөн баш тарткан ата –энелер көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министирлигинин айтымында, эмдөөдөн баш тарткандардын саны 2016-жылы 4.6миӊ болсо, 2017-жылы 8 миӊге жеткен. Ата-энелердин эмдөөдөн баш тартууларынын себептери ар кандай:
• Вакциналардын сапаты боюнча шектенуу;
• Вакциналар жардам катары келгендиктен анын сакталышы, сапаты талапка жооп береби;
• Эмдөөдөн кийинки кыйыр көрүнүштөрдөн коркуу. Баланын табынын которулуусунон жана ыйлап чырлоосунан коркуу;
• Вакциналрдын курамы боюнча түшүнүктүн, маалыматтын аздыгы;
• Мед. кызматкерлердин өз жумушун начар аткаргандыгы;
• Диний көз караштын негизинде.
✨Ушул маселенин алкагында талкуу жүргүзүү үчүн Токмок шаарында, «Мутакалим» АПКБ жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биригип 4-сентябрда, «Иммундаштыруу: мамекеттик жана диний уюмдардын бирдиктүү иш алып баруусу» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
✨Иш-чарага КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Гулназ Исаева, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, «Мутакалим» АПКБ жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, иммунолог-Айнагул Сулайманова,Токмок шаарынын мэриясынын өкүлү, шаардын мечиттеринде иштеген имамдар жана билим берүү, медицина, социалдык жактан коргоо тармактарында иштеген кызматкерлер катышышты.
✨Бул тегерек столдун максаты, имундаштыруунун ден-соолукка жана жашоого маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү жана жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн баардык жаштагы жарандарды эмдөөнүн пайдалуулугун түшүндүрүү.
✨ Тегерек столдун жүрүшүндө вакцинанын курамы, эмдөөнүн зарылдуулугу жана баш тарткан учурда келип чыга турган көйгөйлөр тууралуу айтылып, кызуу талкуу болду. Талкуунун сонунда бир жыйынтыка келишип ар бир катышуучу бирдикте, эл арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин чечишти.

Токмок шаарында «Иммундаштыруу: мамлекеттик жана диний уюмдардын бирдиктүү иш алып баруусу»

Добавить комментарий