2019- жылдын,11- декабрында Алыкул Осмонов атындагы китепкананда «жанындагынын үнүн ук» деген темада диний уюмдардын өкүлдөрү катышкан Con fest болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун программалык кеңсеси, согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту биргеликте өткөрүштү.

Con fest тин максаты ар башка диний уюмдардын башын бириктирип, бири бирине болгон толеранттуулукка чакыруу.

Конференцияга ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү жана калаабыздын тургундары катышышты.

Con festтин жүрүштүндө ар кандай мастер класстар көрсөтүлүп, андан соң кыргыз боз үйүн диний уюмдарынын өкүлдөрү биргеликте тигишти. Боз үйдү тигүүнүн максаты бардык конфессиялар биргеликте, бир түндүктүн алдында иш алып баруу.

Confest «Жанындагынын үнүн ук»

Добавить комментарий