9-10 декабрь2019-ж. Бишкек шаарындагы Солюкс мейманканасында «Мутакалим» АПКБ менен UNFPA биргеликте уюштурушкан «Теӊ өнөктөштүк мамилелерди куруудагы коммуникациялык көндүмдөр» деген темада семинар болуп өттү. Семинардын ачылышында, «Мутакалим» АПКБ жетекчиси Фронтбек кызы Жамал, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Эргешов Акимжан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн жетекчиси Эратов Равшан ажы сөз алып семинардын максаты тууралуу кыскача баяндашты. Семинардын жүрүшүндө Кризистик борборлордун ассоциациясынын аткаруучу директору Тюлекова Толкун, эксперт Жумабаева Гульбарчын «Бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук саясаты» деген темадагы презентация кылышты.
Иш-чаранын аягында, семинарга катышкан медресенин жана университеттин мугалимдеринин суроолоруна жооп беришип, теманы талкуулашты.
Экинчи күнү.
✨ Бул семинарга медресенин жана Ислам университетинин мугалимдери келип катышышты.
✨Семинарда коммуникациянын коомубузда, үй бүлөдө кандай зарылдыгы кеңири баяндалган соң, катышуучулар тема боюнча адистерден суроолоруна жоопторду алышып, өздөрүнүн жеке пикирлерин кошумчалашты.

Тренинг «Теӊ өнөктөштүк мамилелерди куруудагы коммуникациялык көндүмдөр»

Добавить комментарий