05.09.2019. Ош жана Жалал -Абад шаарларында имамдар менен дин лидерлерине иммундаштырууну түшүндүрүү боюнча тренинг болуп өттү.
«Мутакалим» АПКБ менен Кыргыз Республикасынын ДИМК биригип БУУ (UNICEF) Балдар фондунун техникалык жактан колдоосу менен «Иммундаштыруу боюнча суроолорду, диний чөйрөгө тушундуруу жолдору менен жеткируу» деген долбоордун негизинде кезектеги тренинг Ош шаарында уланды.
Советтер союзунун убагында вакцинацияны талкуусу жок эле алып келген болсо азыркы учурда коомубуздун аӊ–сезими өзгөрүп, ар бир нерсени изилдөөдө ар кандай маалыматтын көптүгү ошол эле учурда туура маалыматтын аздыгы түрткү болуп балдарын эмдөөтүүдөн баш тарткан ата – энелердин саны көбөйүүдө. Ош шаарында өткөн тренингдин максаты да эмдөөнун пайдасы жана зыяны тууралуу коомчулукка толук маалымат беруу болуп эсептелет. Тренингге КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Гулназ Исаева, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, КР ДИМК директору З. Эргешов, «Мутакалим» АПКБ жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, иммунолог-Айнагул Сулайманова. Тренингдин жүрүшүндө имамдар өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты. Көбунчө суроолор вакцинанын курамы, эмдегенден кийинки балага болгон таасири жана кандай оорулардан алдын алары тууралуу берилди.
Медицина кызматкери Айнагул Сулайманованын маалыматында:
1978-жылы табигый чечек жок кылынган, андан жыл сайын бүткүл дүйнө жүзү боюнча 5 миллион адам көз жумчу.
16 миллиондон ашык адам полиомиелитти жок кылуу боюнча глобалдуу аракеттердин жыйынтыгында шал оорусунан куткарылган. 1988-жылдан баштап дүйнө жүзүндө полиомиелит менен ооруп калуу учурларынын саны 99%дан ашык азайган: 2017-жылы катталган 350 000 учурдан 22 учурга чейин.
2000-2016-жылдардын ичинде кызылчага каршы эмдөө БДСУнун баалоосу боюнча, кызылчага каршы вакцинаны коомдук саламаттык сактоодо мыктылардын бири кылуу менен 20,4 миллион өлүмгө бөгөт койду.
Кызылчага каршы коопсуз, натыйжалуу жана үнөмдүү вакцина бар экендигине карабастан:
2016-жылыдүйнө жүзүндө негизинен беш жашка чейинки балдар арасында кызылчадан болгон 89 780 өлүм катталган;
2018-жылы БДСУ ЕАБ өлкөлөрүндө кызылчанын 40 миңден ашык учурлары, алардын ичинен 37 өлүм учуру катталган.
Акыркы жылдары эмдоодон баш тартуулардын кесепетинен кээ бир оорулардын кучогондугу байкалат.
Эмдоо экономикалык жактан да пайдалуу.Калктын 50 пайызында эмдөө жок болгон учурда кызылча менен ооруган адамдарды дарылоого кеткен чыгымдар жыл сайын 260,0 млн ашык сомду түзөт, ошол эле учурда кызылчага каршы вакцина сатып алууга кеткен чыгымдар жылына 9,0 млн сомдон ашпайт.
Өлкөдө вакциналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) ортосундагы Меморандумдун алкактарында ЮНИСЕФтин сатып алуулар механизми аркылуу жүргүзүлөт. ЮНИСЕФтин сатып алуулар бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт, ага продукциялары эл аралык GMP стандарттарына дал келген жана БДСУнун кайрадан адистештирүү процедурасынын өткөн гана фармацевтикалык кампаниялары катыша алышат.
Кыргыз Республикасында колдонулган вакциналар Европада колдонулган вакциналардыкындай сапатка ээ. Вакцинанын компоненттери коопсуз, о.э. эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт жана дүйнө жүзүндө анын ичинде Ислам Шариятынын өлкөлөрүндө (Сауд Аравиясы, Египет, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары ж.б.) кеңири колдонулат.
Вакцинанын курамы негизги жана көмөкчү заттардан турат:
Негизги компоненттер – бул микроорганизмдердин же алардын токсиндеринин, же алардын үстүрт белокторунун алсыздандырылган тирүү же инактивацияланган (өлтүрүлгөн) формалары.
Көмөкчү заттар:
адъюванттар – иммундук жооптун иштелип чыгуусун күчөтүүчү заттар (мисалы: алюминий туздары)
антибиотиктер – аларды вакциналарды өндүрүү учурунда ткандардын клетка культураларынын бактериялык булгануусуна бөгөт коюу үчүн пайдаланышат (мисалы: канамицин, неомицин)
консерванттар – микробдордун, бактериялардын, грибоктордун, вирустардын өсүшүн басуу жана вакцинанын бактериялык токсиндерге булгануусунан коргоо жана вакцинаны пайдалануу процессинде көп өлчөмдүү флакондордун булгануусун алдын алуу үчүн өлтүрүлгөн же субайрым (субъединичный) вакциналарга кошулуучу химиялык заттар (мисалы: тиомерсал, формальдегид)
турукташтыруучулар — вакцинанын туруктуулугун кармап туруу үчүн пайдаланылуучу заттар (мисалы: магний хлориди, сульфат магнийи, желатин, полисорбат ж.б.).
Эгерде айрым учурларда балада эмдегенден кийин бир аз кошумча белгилер пайда болсо, бул нормалдуу көрүнүш.
Балдардын көпчүлүгү эмделгенден кийин кошумча белгилерге дуушар болушпайт.
Бардык дарылардай эле вакциналар бир аз реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Айрым балдарда эмдөөгө карата ийне сайган жерде оорутуу же бир аз дене табынын жогорулоосу сыяктуу күтүлгөн реакциялар келип чыгышы мүмкүн. Бул белгилер бир канча күндөн кийин өтүп кетет жана медициналык жардамды талап кылбайт.
Тренингдин жыйынтыгында келген катышуучулар өз ойлорун айтышып, уюштуруучуларга ыраачылыктарын билдиришти.
Ош жана Жалал -Абад шаарларында имамдар менен дин лидерлерине иммундаштырууну түшүндүрүү боюнча тренинг болуп өттү.